Медик колунда даарылар менен. Иллюстративдик сүрөт

Адис жасалма дарыны кантип айырмаласа болорун айтып берди

(жаңыланган 10:18 09.04.2021)
Фармацевтика тармагындагы адистин айтымында, дарынын кутусунда маркалоо белгиси, жарактуу мөөнөтү жана сериясы көрсөтүлүшү керек. Бул белгилердин жок дегенде бири болбосо, демек, ал жасалма товар.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Нукура дары-дармекти жасалмасынан кантип айырмаласа болорун "Прайм" агенттигине RNC Pharma компаниясынын өнүктүрүү боюнча директору Николай Беспалов айтып берди.

"Негизи дарынын кутусунда маркалоо белгиси, жарактуу мөөнөтү жана сериясы көрсөтүлүшү керек. Бул белгилердин жок дегенде бири болбосо, демек, ал жасалма товар", — деди адис.

Ошондой эле адис көбүнчө кымбат баалуу дарылар жасалма болуп каларын айтты.

"Адатта бейтаптар кымбат баалуу дарылардын арзаныраактарын издеп жатып, сапатсыз товар алып алышат. Расмий түрдө ишеген дарыканаларда жасалма дары болушу дээрлик мүмкүн эмес. Көбүнчө интернет сайттар же тааныштар аркылуу алган препараттардан сак болуу керек", — деди Беспалов.

Мындан тышкары, ал эч убакта базардан жана көчөдөн дары сатып албоону кошумчалаган.

Белгилер:
кеңеш, адис, сапат, дары
Тема боюнча
Диетолог толуп кетпеш үчүн канча таттуу жегенге болорун айтты
Британияда AstraZeneca менен эмделген 7 киши тромбдон улам көз жумду
Кандай адам жалкоо болот? Психиатр бул адаттан арылуунун үч жолун атады
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Казахстан. День второй

Гутерриш дүйнө туңгуюкка кептелгенин айтып, эл башчыларына сунуш берди

(жаңыланган 15:56 20.04.2021)
Эл аралык уюм былтыр токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригенин айтып, климат ушул боюнча кете берсе дүйнө алапайын таппай каларын айткан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.

"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.

Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.

Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.

Тема боюнча
БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты
Бишкекте Жеңиш күнүн майрамдоо. Архив

Бишкекте 9-Май жана Шаар күнү майрамдалбайт

(жаңыланган 15:44 20.04.2021)
Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган. Буга чейин 21-марттагы Нооруз да майрамдалган эмес.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте шаар күнү (29-апрель) жана Жеңиш күнүн (9-май) массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

Ооруканадагы дарыгер. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бишкекте пандемия башталгандан бери 32 миң 649 учур катталды. Өткөн суткада 117 адам жуктурганы аныкталган.

Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, 21-мартта Ноорузга карата бардык майрамдык салтанаттар, массалык майрамдоо токтотулган.

Белгилер:
абал, коронавирус, майрам, Бишкек мэриясы
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады
Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду