БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 151 кишиден аныкталды, 112 адам сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Былтыр пандемиядан бери расмий түрдө 89 811 адамдан оору чыкты.
Айыккандар:
Жалпы жонунан сакайгандар 85 719 болду.
Учурда стационарда 766 бейтап дарыланууда. Амбулатордук дарыланууда 849 киши бар.
Акыркы суткада оорудан көз жумгандар жок. COVID-19 жалпысынан 1516 кишинин өмүрүн алды.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.
Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.
Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.
Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.