Марипов Матраимов мамлекетке өткөргөн мекемеде ачылган борборго барды. Сүрөт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКалкты тейлөө борборунун ачылыш аземи
Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Премьер жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аталган Калкты тейлөө борбору Бишкекте алгачкылардан болуп саат 9.00дөн кечки 22.00гө чейин кабыл аларын белгилеген.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борборундагы азыркы талаптарга жооп берген Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкандыгы тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борборундагы азыркы талаптарга жооп берген Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкандыгы тууралуу өкмөттөн кабарлашты
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борборундагы азыркы талаптарга жооп берген Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкандыгы тууралуу өкмөттөн кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борборундагы азыркы талаптарга жооп берген Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкандыгы тууралуу өкмөттөн кабарлашты
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМариповдун айтымында, өкмөттүн алгачкы пландарынын бирине мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, тейлөө көрсөтүүдө жагымдуу шарттардын түзүлүшү жана "open space" форматындагы бир катар жаңы Калкты тейлөө борборлорун ачуу милдети коюлган
Мариповдун айтымында, өкмөттүн алгачкы пландарынын бирине мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, тейлөө көрсөтүүдө жагымдуу шарттардын түзүлүшү жана open space форматындагы бир катар жаңы Калкты тейлөө борборлорун ачуу милдети коюлган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мариповдун айтымында, өкмөттүн алгачкы пландарынын бирине мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, тейлөө көрсөтүүдө жагымдуу шарттардын түзүлүшү жана "open space" форматындагы бир катар жаңы Калкты тейлөө борборлорун ачуу милдети коюлган
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАл кошумчалагандай, Бишкекте жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун экинчи кабатында жакында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат, анда 12 мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт
Ал кошумчалагандай, Бишкекте жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун экинчи кабатында жакында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат, анда 12 мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал кошумчалагандай, Бишкекте жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун экинчи кабатында жакында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат, анда 12 мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт
1/3
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борборундагы азыркы талаптарга жооп берген Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкандыгы тууралуу өкмөттөн кабарлашты
2/3
Мариповдун айтымында, өкмөттүн алгачкы пландарынын бирине мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, тейлөө көрсөтүүдө жагымдуу шарттардын түзүлүшү жана "open space" форматындагы бир катар жаңы Калкты тейлөө борборлорун ачуу милдети коюлган
3/3
Ал кошумчалагандай, Бишкекте жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун экинчи кабатында жакында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат, анда 12 мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт
"Калкты тейлөө борборунда бардык шарттар түзүлгөн. Арыздарды кабыл алуудан тарта документтерди даярдоо жана аларды берүүгө чейин жарандарды документтештирүү процесси автоматташтырылган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпай туруп эле документтерди чогулта алат. Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди. Калкты тейлөө мөөнөтү кыскартылды, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалды", — деген ал жерде сүйлөгөн Марипов.
Мариповдун айтымында, өкмөттүн алгачкы пландарынын бирине мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, тейлөө көрсөтүүдө жагымдуу шарттардын түзүлүшү жана "open space" форматындагы бир катар жаңы Калкты тейлөө борборлорун ачуу милдети коюлган.
Документ толтуруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Эми Кыргызстанда документтер кагаз түрүндө талап кылынбайт. Тизмеси
"Учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында ушундай эле Калкты тейлөө борборлору, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында Автоунаа каражаттарын тейлөө борбору өз ишин баштады. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин дагы калкты тейлөөчү тогуз борбор  ачылат", — премьер-министр.
Ал кошумчалагандай, Бишкекте жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун экинчи кабатында жакында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылат, анда 12 мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт.

Маалымдама

Жаңы Калкты тейлөө борбору заманбап жабдуулар, ыңгайлуу жумушчу орундар жана маалымдама зонасы менен камсыздалып, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары орнотулган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн шарттар түзүлүп, эне-бала бөлмөсү каралган. Порталды толук кандуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү үчүн зарыл жабдуулар орнотулган өзүн-өзү тейлөө зонасы иштейт, анда тейлөөнүн 29 түрү көрсөтүлөт. Шаардыктар жана меймандар мында мамлекеттик тейлөөнүн кеңири чөйрөсү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ала алат. Маселен, баланын туулгандыгын, никеге тургандыгын каттоо, паспорт алууга, "балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга арыз жазуу жана башкалар.
Калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 1200 чарчы метрден ашуун. Күнүнө ал 1500гө чейин адамды тейлей алат.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аталган Калкты тейлөө борбору Бишкекте алгачкылардан болуп саат 9.00дөн кечки 22.00гө чейин кабыл аларын белгилеген.
Белгилей кетсек, мекеме Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген "Эльдорадо" соода борборунун ичинде ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0