Кыргызстанда алгачкы жолу ректорлордун эл аралык форуму өтөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевФорумдун катышчуулары. Архив
Форумдун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Иш-чаранын максаты дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу болмокчу.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жазылган.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, "Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу" аталышындагы форум 5-8-сентябрда Бишкекте өтөт.
"Иш-чарада илимий изилдөөлөр жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу маселелери талкууланат. Форумга дүйнө жүзүнөн 200дөн ашык университеттин өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Анын максаты дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Учурда форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, анын программасынын долбоору даярдалууда. Ошондой эле чет өлкөлүк катышуучулардын тизмесин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0