Айзаданын өлүмү: Бишкек шаардык милициянын жетекчиси Матмусаев кызматтан алынды

© Sputnik / Эмиль СадыровНачальник ГУВД Бишкека Бакыт Матмусаев
Начальник ГУВД Бишкека Бакыт Матмусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Милициянын полковниги эки ай мурда кызматка дайындалган болчу. Ага чейин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеген.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Бакыт Матмусаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Апаңды да өлтүрүп кетемдеп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Буга байланыштуу Матмусаевди кызматтан бошотуу боюнча ИИМдин буйругу чыккан.
Милициянын полковниги Бакыт Матмусаев үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Бишкек ШИИББдин жетекчиси кызматына дайындалган. Ага чейин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги болуп иштеп келген.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жалпысынан жооптуу 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жазага тартылган.

Айзаданын өлүмү

Кызыңыз ушул окуяга кабылса эмне кылмаксыз? Милиция жетекчилеринин жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Кызыңыз ушул окуяга кабылса эмне кылмаксыз? Милиция жетекчилеринин жообу видеодо

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0