Бишкек милициясын жетектөөгө келген Ногойбаев тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба МВД КРВременно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев
Временно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Жаңы келген жетекчи Ногойбаев милициянын полковниги, ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөп келет.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Ногойбаевди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Азамат Ногойбаев — милициянын полковниги. 1980-жылы 12-июль күнү туулган. Кыргызстандын ИИМ академиясынын юриспруденция адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөп келет. 
© Фото / пресс-служба МВД КРБишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Ногойбаев
Временно исполняющим обязанности начальника ГУВД Бишкека Азамат Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Ногойбаев
Эмгек жолун Биринчи май РИИБде кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп баштаган.
Жетекчилик кызматтары:
  • Ленин РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • Чүй облусунун Жайыл РИИБдин жетекчисинин орун басары;
  • ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы;
  • ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • Чүй облусунун Сокулук РИИБдин жетекчиси;
  • ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын бөлүм жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын түзүмдүк медалдары менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0