Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСовещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта "Путешествий без COVID"
Совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгы айтылат.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.
Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана COVID-19 жок саякатта долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОшондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
1/2
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
2/2
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.
Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0