Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Апта ичинде абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Шаршемби күнү гана көпчүлүк аймактарда жамгыр жаай турганы айтылды.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, борбор калаа Бишкекте дүйшөмбү жана шейшембиде күн ачык болот. Ал эми шаршемби күнү жамгыр жаап, кайра бейшембиде күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

12-13-апрелде жаан-чачын болбойт, бирок 14-15-апрель күндөрү кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 11-12-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Талас облусу

12-13-апрелде тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
14-апрелде кээ бир аймактарда жамгыр, тоолорго кар жаайт.
15-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

12-апрелде жана 13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз кээ бир райондордо, 14-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.
14-15-апрелде күн ачык болот.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Долгожданные брызги фонтана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2019
Сары кар жаабайбы? Апрелге карата аба ырайы

12-13-апрелде күн ачык болот. Ал эми 14-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. 15-апрелде ала булут тарап күн чыгат.

16-17-апрелге карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу
Апта аягы 16-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаайт.
17-апрелде кээ бир тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык бойдон турат. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0