Өткөн суткада коронавирус 208 кишиден табылып, үч адам көз жумду

© AFP / LILLIAN SUWANRUMPHAМедициналык кызматкер ооруканада
Медициналык кызматкер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Оору илештиргендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан аныкталган. Баткен жана Талас облустарында жаңы учур катталган эмес.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 208 кишиден табылып, 101 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 136;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 44;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 7.
Ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 90 227ге жетти. Анын ичинен 85 925 адам дартты жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек – 80;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 2.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирус Бишкектен эки, Чүйдөн бир адамдын өмүрүн алды. Акка моюн сунгандардын саны ушуну менен 1 522ге жетти.
Азыркы тапта 838 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Анын ичинен 199у оор абалда болсо, 25 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0