Ошто 77 жаштагы карыя добушун 1000 сомго сатып алуу аракети болгонун айтты

© Sputnik / Алексей СухоруковКарыя. Архив
Карыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Факт боюнча Жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө жүрүүдө.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаарында добуш сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 10-апрелде, саат 19:07лер чамасында участкадан тышкаркы тилкеде добуш берүү жүрүп жаткан кезде Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүндө партиялардын биринин үгүтчүлөрү добуш сатып алууга аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн.
"10-апрелде 77 жаштагы Д.С. аттуу жаран көп кабаттуу үйдүн Ж.Р. деген башчысы ага 1000 сом берип, бюллетендеги бир партияны атап "ушул партияга шайлайсыз" деп айтканын билдирген. Д.С. алган акчасын тергөөчүлөргө кайтарып берди", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ж.Р. аттуу жаран чындап эле кайсы бир партиянын үгүтчүсү экенин моюндап, бирок эч кимге акча сунуштабаганын белгилеген.
Учурда Жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0