Пакистан Кыргызстанга 1,4 тонналык гумжардам берди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МИД КРПакистан Кыргызстанга гумжардам берди
Пакистан Кыргызстанга гумжардам берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги аталган өлкөдөн гуманитардык жардам алуу маселеси боюнча иш жүргүзгөн.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Пакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба МИД КРПакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди
Пакистан передал гуманитарную помощь Кыргызстану - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Пакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди
ТИМ Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги аталган өлкөдөн гуманитардык жардам алуу маселеси боюнча иш жүргүзгөн.
"9-апрелде Исламабадда Пакистандын Чукул кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук комитети элчиликке N95 үлгүсүндөгү беш миң бет кап, коргонуу костюмдары сыяктуу жалпы салмагы 1,4 тонна болгон гуманитардык жардам берди", — деп айтылат маалыматта.
Жардамдын 816 килограмм болгон биринчи бөлүгү 10-апрелде чартердик каттам менен Бишкекке жөнөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0