Бишкектиктер аз. Саат 12:00гө чейин добуш бергендер

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо участогунда добуш берип жаткан адам
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо 445 533 жаран добуш берди. Ал эми референдумга 465 121 адам катышты.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга катышкандардын саны 13 пайыздын тегерегинде болду. Бул туурасында БШК төрайымы саат 12:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо 445 533 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 13,43 пайызын түзөт. Учурда Сүлүктү шаардык кеңешине 22,82 шайлоочу келип эң активдүү деп табылды.
Карыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Ошто 77 жаштагы карыя добушун 1000 сомго сатып алуу аракети болгонун айтты
Ал эми референдумга 465 121 адам катышып, шайлоочулардын 12,9 пайызын түздү. Бардык региондордун ичинен бишкектиктер жаңы Конституцияны кабыл алууга катышкандардын саны эң төмөн же 9,95 пайызы гана добуш берген. Ал эми Ош шаары 19,05 пайыз менен активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум өттү деп таанылат. Ал эми жеңүүчү деп табуу үчүн добуштар ("макул" же "каршы") 50 пайыздан жогору болушу керек.
Ал эми 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия ат салышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0