Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Шайлоо: сырттан келген байкоочу Кыргызстандан кандай тажрыйба алуу керектигин айтты

© Sputnik / Эркин СадыковКМШ ПААнын байкоочусу Казбек Тайсаев
КМШ ПААнын байкоочусу Казбек Тайсаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Бүгүнкү жергиликтүү кеңешти шайлоо менен Конституциянын долбооруна референдумдун жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салууда.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда гана добуштар милдеттүү түрдө кол менен саналат жана бул мыйзамда бекитилген. Муну башка өлкөлөр кабыл алса болчудай экенин КМШ ПААнын байкоочусу Казбек Тайсаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн брифингге катышты.
Байкоочунун айтымында, шайлоо менен референдумда добуш берүүгө бардык шарттар каралган.
"Кыргызстанга мүнөздүү тажрыйбаны белгилеп кетким келет, аны башка өлкөлөр да кабыл алышы керек деген ойдомун. Маалыматтар электрондук урналарга жүктөлгөндөн кийин бюллетендерди кайра кол менен саналат экен. Мындай нерсе эч бир мамлекетте жок. Башка мамлекетте кайрадан санап чыгуу үчүн сотко кайрылып уруксат алуу керек. Кыргызстанда электрондук урналардан маалыматтарды алгандан кийин кол менен эсептөө мыйзамы бекитилген", — деген Тайсаев.
КМШ байкоочулары шайлоонун жүрүшүнө кандай баа берүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
КМШ байкоочулары шайлоонун жүрүшүнө кандай баа берүүдө. Видео
Анын айтымында, мындай көрүнүш шайлоону таза өткөргөнгө жардам берет.
Ошондой эле ал шайлоого жаштар абдан көп катышарын байкаганын кошумчалаган.
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар жаңы Конституциянын долбооруна референдум да өтүүдө. Анын жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0