Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыздар көчөдө бара жатат. Архив
Кыздар көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. 12-апрелде күндүз Баткен облусунун айрым райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бийик тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +22...+24, Ошто +23...+25 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0