Сак болуңуздар! Алдамчылар эл аралык биржадан акция алууну сунушташууда

© Фото / Pixabay/ mmamontovНоутбук жана смартфон. Архив
Ноутбук жана смартфон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Айрым жарандар өздөрүн Deposit.kg ЖАКтын кызматкери катары тааныштырып, эл аралык биржадан акция сатып алууну сунуштап жатканы аныкталды.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жарандардан белгисиз адамдар алдамчылык менен алектенип жатканы боюнча арыздар келип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик финансылык көзөмөл агенттигинен билдиришти.
"Алдамчылар өздөрүн Deposit.kg ЖАКтын кызматкери катары тааныштырып, эл аралык биржадан акция сатып алууну сунушташат. Алар жумшалган акчаны бонусу менен кайтарып алса болорун убадалашат. Каражатты алгандан кийин байланышты үзүп коюшат", — деп айтылат маалыматта.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Уурулукка, алдоого шектелип шайлоо өнөктүгү маалында 4 талапкер кармалды
Финансылык көзөмөл агенттиги мындай ЖАК жок экенин эскертип, инвестициялык активдерди башкарууга лицензия берилбегендигин кабарлады.
"Белгилей кетсек, алдамчылар жарандар менен байланышканда Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке тийиштүү deposit.kg сайтын көрсөтүшөт экен. Агенттик элден акча топтоо менен алектенбейт", — деп айтылат маалыматта.
Ведомство бардык маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0