Боомдо таш кулатылып, жол маал-маалы менен жабылат. График

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы жол белги. Архив
Боом капчыгайындагы жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
16-апрелге чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Буга байланыштуу 12-апрелден 16сына чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды. Таш кулатуу иштери унаа жолдун 117-118-чакырымдарындагы Жел-Арык аймагында жүргүзүлөт.
Мындан улам айдоочуларды сапарга чыгууну алдын ала пландап алууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0