Бутылкага куйулган суу. Архив

Эртең Бишкектин бир катар көчөсүндө түнгө чейин суу болбойт. Тизме

126
(жаңыланган 15:30 12.04.2021)
Мэрия мындай чара шаардагы суу тосмолорунда жана суу түтүктөрү тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин айтууда.

БИШКЕК, 12-апр — Sputnik. Эртең, 13-апрелде, Бишкектин батыш бөлүгүнүн көпчүлүк аймактарында саат 09:00дөн түнкү 22:00гө чейин суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул "Гагарин" жана "Түштүк-Батыш" суу тосмолорундагы, ошондой эле шаардык суу түтүктөр тармагын жай мезгилине карата оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Юнусалиев көчөсү менен чектелген Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту аймактарында, ошондой эле Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабынан), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн ылдый) конуштарында суу болбойт.

126
Белгилер:
тизме, өчүрүү, таза суу, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Боомдо таш кулатылып, жол маал-маалы менен жабылат. График
Медициналык кызматкер вакцина менен. Архив

Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды, 60тан өткөндөр "Спутник V" алса болот

10
"Спутник V" вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар (дарыгердин багыттамасы болсо) ала алышат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында дагы эки эмдөө пункту ачылды. Каалоочулар ал жерден "Спутник V" вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Пунктулар Ленин райондук (64 45 57, 0505 111 330) жана Свердлов райондук (63 51 22; 0505 286 670) бириктирилген үй-бүлөлүк борборлорунда жайгашкан.

Учурда Бишкекте 24 убактылуу эмдөө пункту иштеп жатат. Дареги:

  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк борбору — 62 09 62;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 үй-бүлөлүк борбору — 43 39 03; 0551 117 744.

Белгилей кетсек, "Спутник V" вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар (дарыгердин багыттамасы болсо) ала алышат.

Кытайлык Sinopharm препаратынын экинчи дозасын саюу дагы уланууда (№4, 9, 14, 15, 16, 17, 19 үй-бүлөлүк медицина борборлору).

10
Белгилер:
үй-бүлөлүк медицина борбору, вакцина, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
Алтын сертификаттар тапшыруу аземинде мектеп бүтүрүүчүлөр. Архив

ЖРТдан жогорку баллга кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү ээ болду? Рейтинг

41
(жаңыланган 16:51 24.06.2021)
Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыгып, эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү белгилүү болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы облустун окуучулары жакшы көрсөткүчкө жетишкендигине кызыгып көрдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча тестирлөөдө 58 өспүрүм жогорку баллга ээ болду. Анда биринчи орунду 232 балл менен Каракол шаарынын окуучусу Жайдар Нургазиев алса, экинчи орунга 231 балл менен бишкектик Алия Сарыгулова жана үчүнчү орунга 230 балл менен Талас облусунан Сымбат Касымбекова татыды.

Өлкө боюнча ЖРТда жогорку көрсөткүчкө жеткендердин ону орто мектепти бүтүрсө, калгандары лицей, жеке мектеп жана гимназияларды аяктагандар. Жылдагыдай эле алтын сертификатка татыгандардын көпчүлүгү борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мекемелерде окугандар.

Үстүбүздөгү жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 44 миң 416 кыз-улан ат салышты. 22-23-июнда уюштурулган үчүнчү этапка 500 бүтүрүүчү катышты, анын жыйынтыгы июль айынын башында белгилүү болот.

Эске сала кетсек, быйыл 103 миң 414 өспүрүм 9-классты, 61 миң 546 окуучу 11-классты аяктады.

41
Белгилер:
жогорку балл, ЖРТ, бүтүрүүчү, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме
ЖРТдан эң көп баллга татыган Жайдар: Гонконгдогу окуу жайга тапшырып койгом