Референдумда 93 миң бюллетень жараксыз деп табылды. Себеби

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги шайлоо участогундагы бюллетендер
Бишкектеги шайлоо участогундагы бюллетендер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
БШК төрайымы жараксыз деп таанылган бюллетендер референдумга катышкандардын санына таасир этпей турганын белгиледи.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Референдумга добуш берүүдө 92 944 бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы тууралуу брифингде билдирди.
Референдумга 1 336 743 кыргызстандык катышкан, жараксыз бюллетендердин санын пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде 6,8ди түзөт.
"Ооба, бул чоң көрсөткүч. Азырынча анын анык себебин айта албайбыз. Негизи бюллетенге эки белги коюп же койбой койсо АСУ аны эсептебей коёт", — деди Шайлдабекова.
Деген менен БШК төрайымы жараксыз бюллетендер референдумга катышкандардын санына таасир этпей турганын белгиледи. Себеби бюллетень АСУга түшкөндөн кийин жаран шайлоого катышты деп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0