Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСуудагы чагылыш. Архив
Суудагы чагылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
13-апрелге караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Тоо этектериндеги аймактардын төмөн жерлерин суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бутылкага куйулган суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Эртең Бишкектин бир катар көчөсүндө түнгө чейин суу болбойт. Тизме
Бишкекте күн ачык болсо, Ош шаарында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0