“Коопсуз шаар”: айып пулду азайтууда өз сунушуңузду айтыңыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоопсуз шаардын камерасы. Архив
Коопсуз шаардын камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
ИИМ эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, республикалык бюджетке киреше дагы азаярын билдирди.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. ИИМ жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулду азайтуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашынан улам жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу каралып жаткандыгын айткан эле.

Жеңилдик кайсы тартип бузууларга берилет?

  • аныкталган ылдамдык чегин саатына 10 чакырымдан өйдө чыгарып, бирок 20 чакырымдан ашырбай айдаса;
  • аялдама же стоп-линияны, жол эрежелери менен эскертилген чийиндерди бузса же светофордун күйгөнүнө, жол кыймылын жөндөгөн автоинспектордун ишаратына карабай жол чийиндеринен өтүп кетсе;
  • жол белгилеринин талаптарын, жол чийиндеринин эрежелерин бузса (экинчи автоунааны ашып өтүү тартибин бузуудан же маневр жасап каршы тилкеге чыга калуудан сырткары);
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса.
Бузуулар кодексине ылайык, жогорудагы эреже бузуулар катталса эң төмөнкү айып пул, 1 000 сом каралган. Андыктан анын суммасын азайтуу бүтүндөй кодекске таасир эмес. Ошол себептүү айып пулдун суммасын эмес, арзандатууларды көбөйтүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, ИИМ эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, республикалык бюджетке киреше дагы азаярын билдирди.
Сунуштарды төмөнкү даректерге жибериңиз:
  • Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 63, a.zhalilov82@mail.ru, телефон (0312) 63-07-48.
Жаңылыктар түрмөгү
0