Бишкекте эки жашар бөбөк табылып, милиция ата-энесин издеп жатат

© Фото / пресс-служба МИД КРБала оюнчугу менен. Архив
Бала оюнчугу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Бөбөк №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасында ойноп жүргөн. Ал тууралуу маалымат социалдык тармактарга да чыккан.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского районаБишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бала табылды
Найденный ребенок в микрорайоне Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бала табылды
Бөбөк №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасында ойноп жүргөн. Ал тууралуу маалымат социалдык тармактарга да чыккан.
Бою 90 сантиметр, арыкчырай, чачы кара. Үстүндө чаар куртка, көк түстөгү жинсы шым. Башында "Tangua" деген жазуусу бар кызыл топу.
Наристенин ата-энеси тууралуу билгендер болсо, бул номерлерге кабарлап коюңуздар: (0700) 10-33-84, (0707) 21-43-59, (0312) 54-41-84 же 102.
Жаңылыктар түрмөгү
0