Бетин жаап телефонд кармап отурган кыз. Иллюстративдик сүрөт

Зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор кайда кайрыла алат. Номерлер

133
(жаңыланган 10:42 13.04.2021)
Өлкөнүн бардык аймактарындагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктарынын номерлери тизмектелди.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору зордук-зомбулукка кабылгандар же ага күбө болгондор кайда кайрылып, кандай жардам алышы керектигин айтып берди.

Мекеменин берген маалыматында аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктарынын номерлери бар.

Кризистик борборлордун номерлери:

  • "Шанс", Бишкек шаары — (0709) 71-03-20;
  • "Сезим", Бишкек шаары — (0312) 51-26-40, (0312) 31-13-29;
  • "Ак жүрөк", Ош шаары — (0550) 23-13-29, (0322) 4-59-76;
  • "Аруулан", Ош шаары" — (0776) 38-07-77, (0322) 5-56-08;
  • "Мээрбан", Ош шаары — (0559) 49-20-07;
  • "Акылкарачач", Алай району — (0555) 28-14-23, Гүлчө айылы - (0776) 28-14-23;
  • "Жаңыл Мырза", Баткен шаары — (0777) 39-30-77;
  • "Маана", Талас шаары — (0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85;
  • "Теңдеш", Нарын шаары — (03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90;
  • "Энсан-Диамонд", Ош шаары — (0772) 32-89-60, (03222) 5-50-84;
  • "Каниет", Жалал-Абад шаары — (03722) 5-50-84;
  • "Аялзат", Каракол шаары — (0553) 83-57-17;
  • "Алтынай", Чолпон-Ата шаары — (0709) 69-45-50.

Милиция кызматы:

  • Бишкек ШИИБ — (0312) 43-71-75;
  • Чүй ОИИБ — (0312) 43-88-85;
  • Ош ОИИБ — (03222) 5-59-10;
  • Талас ОИИБ — (03422) 5-29-98;
  • Ысык-Көл ОИИБ — (03922) 5-24-14;
  • Жалал-Абад ОИИБ — (03722) 5-66-66;
  • Нарын ОИИБ — (03522) 5-09-21;
  • Баткен ОИИБ — (03622) 5-00-15;
  • ИИМдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 66-23-31;
  • ИИМдин коомдук коопсуздук бөлүмү — (0312) 26-62-83;
  • ИИМдин ишеним телефону — (0312) 26-64-18.

Күнү-түнү акысыз иштеген номерлер:

  • ИИМдин коомдук тартипти коргоо кызматы — 102;
  • Балдар үчүн ишеним телефону — 111;
  • "Система-112" — 112.
  • Зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борбору, Бишкек шаары — (0312) 54-29-34, (0312) 44-25-10.
  • Акыйкатчынын (Омбудсмен) тынымсыз линиясы — 115.
133
Белгилер:
номер, жардам, милиция, зордук-зомбулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Башкы прокуратура: былтыр ала качуу боюнча 212, быйыл 64 кылмыш иши катталган
Кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгылат. КР мыйзамдары
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева

Койчиева: Улуттук университетке жети миң студентти кабыл алуу мерчемделүүдө

13
(жаңыланган 17:09 13.05.2021)
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева абитуриенттерди кабыл алуу эки жылдан бери онлайн жүрүп жатканын маалымдады.

Окууга тапшыруу үчүн документтер пандемияга байланыштуу өзгөргөн жок, болгону катталуу онлайн болуп, документтерди "PDF" форматына өткөрүп тиркөө зарыл. Бул тууралуу Жылдыз Койчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Койчиева: Улуттук университетке жети миң студентти кабыл алуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, 2021-2022-окуу жылында Улуттук университеттин 23 факультетине 7000 абитуриент кабыл алуу мерчемделүүдө.

"Абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясы өз убагында тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. ЖОЖдор Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө биргеликте иш алып барууда. Соңку эки жылда пандемияга байланыштуу окуу жайларына катталуу онлайн өтүп жатат. Бул айрымдарга жеңилдик жаратканы менен кээ бирлер үчүн түшүнбөгөн маселелери жаралып калууда. Өткөн жылы министрликтин сайтында абитуриенттерди каттоого алып, анан өзүбүздүн сайт аркылуу кабыл алып жаттык. Улуттук университетте 23 факультет, педагогикалык кесиптик колледж жана Ош филиалы бар. Мына ушунун баарына ар кандай адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт. Пандемияга байланыштуу документ тапшыруу процедурасына өзгөрүү кирген жок. Бирок катталуу онлайн болгондуктан абитуриенттер бардык документтерди "PDF" форматына өткөрүп, министрликтин сайтына катталуусу зарыл. Ошондон кийин университетти тандап, анан кабыл алуу жүргүзүлөт. Быйыл жылдагыдай эле жети миң орунга кабыл алууну мерчемдеп жатабыз. Жакынкы коңшу өлкөлөрдөн тапшырууну каалагандар бардык факультетке алына берет", — деди Койчиева.

Ошондой эле ал чет өлкөдө жүрүп окууну каалагандар үчүн дистанттык окутуу дагы бар экенин кошумчалады.

13
Белгилер:
Жылдыз Койчиева, билим берүү, ЖОЖ, абитуриент
Тема боюнча
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
Дарыгерлер. Архив

Айрым медиктердин айлыгы эмнеге азайышы мүмкүн. Түшүндүрмө

27
(жаңыланган 16:46 13.05.2021)
1-апрелден баштап тиешелүү сертификаттарга ээ Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кепилденген эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлгөн. Бирок анын да экинчи тарабы болуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун айрым кызматкерлери индикатордук система жоюлуп, айлыгы 100 пайызга көтөрүлгөндөн кийин кошумча төлөмдөрүнөн кол жуушу мүмкүн. Эгер мындай учурлар көп болсо чечим кайра караларын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik.kg)

1-апрелден баштап тиешелүү сертификаттарга ээ Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кепилденген эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Өскөмбаеванын айтымында, учурда ал 10 миң сомду түзөт.

Өскөмбаева буга чейин Үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн индикаторлордун негизинде кошумча төлөмдөр берилгенин, бирок система "күткөндөй натыйжа бере албагандыктан" жокко чыгарылганын айтты. Анын ордуна ҮБМБ дарыгерлерине эмгекке катышуу коэффициентине (КТУ) ылайык акы эсептеген тутумду ишке киргизишкен. Мунун көрсөткүчтөрүн ар бир уюм өз алдынча аныктайт.

"Индикатордук система иштебей калгандыктан үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгын 100 пайыз көтөрүү чечими кабыл алынган. Тиешелүү аттестациядан өткөн ҮБМБдин дарыгерлеринин мамлекет кепилдеген эмгек акысы үстөк акыларды кошпогондо 10 миң сомду түзөт. Айлыгы азая турчу медиктер бар экенин жашырбайбыз. Кеп индикатор боюнча жакшы деген кошумча төлөмдөрдү алып жүргөндөр тууралуу болуп жатат", — деди Өскөмбаева.

Бирок апрель айынын жыйынтыгы менен анализ жүргүзүлүп, адистер кырдаалды изилдеп чыгарын кошумчалады. Ошого жараша мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Өскөмбаева ак халатчандардын айлыгын көтөрүп, жаш адистерди тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

27
Белгилер:
айлык-акы, медицина, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис апрелде дарыгерлерге которулбай калган каражат качан берилерин айтты
АКШнын президенти Жо Байден

Байдендин психикалык саламаттыгынан күмөн санаган 124 экс-генерал кат жазды

26
(жаңыланган 18:13 13.05.2021)
Мурдагы аскер кызматкерлери президенттин өлкөнү башкарып кетишине ишенбей турганын айтып чыгышты. Алардын пикиринде, "улут чоң коркунучта турат".

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Америкада 124 экс-генерал мамлекет башчы Жозеф Байденди сындаган ачык кат жазды. Бул тууралуу The Politico билдирди.

Аскер тармагында иштеп кеткендер мамлекет башчынын психикалык абалынан жана ден соолугу, басып-туруу жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санап, улут чоң коркунучта турганын айтышты.

"АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын психикалык абалы жана ден соолугу, басып-туруу жөндөмдүүлүгүнө көңүл кош кароого болбойт. Ал улуттук коопсуздук жаатындагы чечимдерди тез арада, күнү-түнү жана кайсыл жерде болбосун так кабыл ала билиши керек", — деп белгилеген каттын авторлору.

Ошондой эле кайрылууда учурдагы администрация "диктатордук ыкма менен америкалык жарандардын конституциялык укуктарын бузуп, 50дөн ашык буйрукка кол койду. Алардын көпчүлүгү мурдагы жетекчиликтин майнаптуу саясатын жокко чыгарат" деп айтылат.

Генералдар ФБР менен Жогорку сотту шайлоодогу мыйзам бузуулар аныкталса эртерээк чара көрүп, былтыркыдай көп нерсени көз жаздымда калтырбоону суранышкан.

26
Белгилер:
кат, психикалык абал, Жо Байден, АКШ
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты