Бала бакчадагы бала. Архив

Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт

202
(жаңыланган 11:40 13.04.2021)
Наристе кечээ түштө үйүнүн жанында ойноп жатып эле жоголуп кеткени айтылат. Бул маалда баланын энеси менен чоң апасы кир жууп жаткан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында эки жаштагы Рамзан Айткулов изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Пропавший 12 апреля двухлетний Рамзан Айткулов в селе Озгоруш Таласской области
© Фото / пресс-служба УВД Таласской области
Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында эки жаштагы Рамзан Айткулов изделип жатат

Бала кечээ, 12-апрелде, саат 15:30дар чамасында Өзгөрүштөгү Субан көчөсүнүн №150 үйүнүн жанынан ойноп жатып эле жоголуп кеткени айтылат. Бул маалда өспүрүмдүн энеси менен чоң апасы кир жууп жаткан.

Бөбөктү издөөгө Талас облустук жана Бакай-Ата райондук милициясынан 80 кызматкер, ӨКМден алты куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

"Алдын ала алынган маалымат боюнча, бала Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн. Учурда дарыянын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кара-Суу дарыясынан да изделүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Милиция эки жаштагы баланы көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Бою болжол менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска, күрөң түстө, көздөрү да күрөң.

Кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чыптама, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара көлөч кийип жүргөн.

Наристе тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153 жана 102 номерине байланышса болот.

202
Белгилер:
дарыя, издөө, бала, милиция, Бакай-Ата, Талас
Тема боюнча
Бишкекте эки жашар бөбөк табылып, милиция ата-энесин издеп жатат
Бишкекте 14 жаштагы кыз үч күндөн бери изделип жатат. Сүрөт
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз аскер кызматкери

Лейлекте чек арада жүргөн тажик аскерлери боюнча милиция түшүндүрмө берди

367
(жаңыланган 00:11 08.05.2021)
Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген. Кырдаал туруктуу. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Лейлек районунун Арка айылына тажик чек ара аскерлери келди деген маалымат боюнча облустук милиция билдирүү таратты.

Бүгүн түштөн кийин социалдык тармактарда “Арка айылына тажик аскерлери кайра келе баштады...” деген видеолор тараган. Анда чек арага жакын жерде автомат асынган эки аскер турганын көрүүгө болот.

Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген.

“Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка-1 аймагында тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары тез арада буга чара көрүп, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын койгон. Тажик тарап ошол эле замат бул талапты аткарган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саат 23.15ке карата берилген маалымат боюнча, Лейлек районунун Арка, Достук, Борбордук, Жаштык, Максат, Интернационал, Саада, Кулунду, Эски-Оочу айылдарында коомдук жана ыкчам кырдаал туруктуу. Коомдук коопсуздук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Милиция тараткан маалыматта, азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында ар бир мамлекеттик органдар өз милдеттеринин алкагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылды.

367
Белгилер:
Дамира Юсупова, кыргыз-тажик чек арасы, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Лейлектеги бир катар жолдорду оңдоо жана куруу иштери башталды
Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт
Рух-Ордо комплекси. Архив

Ташкул Керексизов дүйнө салды

206
(жаңыланган 21:36 07.05.2021)
Керексизов Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Коомдук ишмер, айтылуу "Рух-Ордо" комплексинин негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 73 жашында каза болду. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.

Керексизов Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондунун, Бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Маркумдун сөөгү 9-майда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

206
Белгилер:
Ташкул Керексизов, илдет, оору, өлүм
Тема боюнча
Футболдук союз чек арада көз жумган футзалчы Султанбектин жакындарына көңүл айтты
Кумтөр алтын кени. Архив

Сот "Кумтөр" компаниясын мамлекетке 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

69
(жаңыланган 00:20 08.05.2021)
Жергиликтүү тургундар чет өлкөлүк компания экологияга зыян келтирди деген доомат менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар "Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Доого жыгылган тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылса болот.

69
Белгилер:
токтом, чечим, сот, айып, компания, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты