Окуучулардан COVID чыгып "Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие общеобразовательной школы "Школа Газпром Кыргызстан" в Бишкеке
Открытие общеобразовательной школы Школа Газпром Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алууга өттү. Бул тууралуу Sputnik агенттигине окуу жайдын директору Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, эки аптага аралыктан окууга өттүк", — деди жетекчи.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы курган мектеп 960 балага ылайыкталган. Окуу имараты Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0