Жээнбековдун парламенттеги өкүлү болгон Дыйканбаев үй камагына чыкты

© Фото / пресс-служба ЖКПрезиденттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев. Архив
Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Дыйканбаев өткөн жылдын ноябрь айында кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Анын баш коргоо чарасы кайра каралып, 24-майга чейин үй камагына чыгарылды.
Дыйканбаев 2020-жылдын ноябрь айында кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. Кийин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
 Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төлөдү
Тергөөнүн версиясы боюнча, Дыйканбаев октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананын башчысын бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаган. Эгер баш тарта турган болсо, кызматтан кетирерин айтып коркутканы аныкталган.
Дыйканбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан (тизмеде №58 болгон). Шайлоо алдындагы кампания учурунда анын ыйгарым укуктары токтотулган. Ал эми камакка алынгандан кийин жумушунан бошотулган. Дыйканбаев Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги өкүлү болчу.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0