Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

473
(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

473
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы абхаз номери тагылган автоунаалар менен байланышкан жаңжал (4)
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат
Хирург операция учурунда. Архив

Чек ара чырында жабыркаган киши көзүнө операция жасаттыруу үчүн Түркияга кетти

2
(жаңыланган 10:31 14.05.2021)
Бейтаптын жолуна, ал жакта жашап турууга жана дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү Кызыл ай коому алган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Баткен облусунун чек арадагы айылдарына Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркап, Бишкекте дарыланып жаткан кыргызстандыктын көзүнө Түркиядан операция жасаттыруу зарылдыгынан улам бейтап аталган мамлекетке учуп кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

30-апрелде көзүнө снаряддын сыныктары кирип кетип жана эки бутунун таман сөөктөрү сынган Лейлек районунун Интернационал айылынын 38 жаштагы тургуну Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген. Бул жерден анын оң көзүнүн чел кабыгына операция жасалып, андан кийинки компьютердик томография көзүндө башка нерселер дагы бар экенин аныктаган. Түркиядан Кыргызстандагы жеке ооруканага келген дарыгер бейтапка кеп-кеңешин берип, аталган мамлекеттин клиникаларынын шартында көздүн чел кабыгын алмаштыруу сунушталган.

Бейтаптын жолуна, ал жакта жашап турууга жана дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү Кызыл ай коому алган.

Бүгүнкү күндө Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын ичинен 25 адам Бишкектеги  Травматология жана ортопедиял илим-изилдөө борборунда, 12 бейтап Улуттук госпиталда, 9 адам Улуттук хирургия борборунда, 6 киши Баткендеги бириктирилген ооруканада, 4 бейтап Лейлектеги, 1 адам Кадамжайдагы ооруканада дарыланып жатат.

2
Белгилер:
операция, көз, Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадагы жаңжалда Лейлек району канча чыгым тартканы айтылды
Мойнунан кан аккан боюнча көмүлдү. Чек арада окко учкан Акжолдун трагедиясы. Видео
Президент Садыр Жапаров кол коюу убагында. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду

13
(жаңыланган 10:26 14.05.2021)
Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталган.

"Мыйзамдын негизги максаты — жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, мындай аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдорго тышкы башкарууну жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Өзгөчө бул мыйзам алтын кенин иштеткен "Кумтөр" компаниясына тиешелүү болот.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кум-Төр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

13
Белгилер:
мыйзам, башкаруу, Садыр Жапаров
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти
"Кумтөрдүн" жетекчилери суракка чакырылды