COVID: 240 киши вирус жуктуруп, эки бейтап каза тапты

© REUTERS / Gleb GaranichТез жардам кызматынын жанында турган дарыгер. Архив
Тез жардам кызматынын жанында турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 118;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 133;
  • Чүй облусу – 85;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас обулусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.
Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0