Прокуратуранын жардамы менен Тоңдогу жетим балдар жер тилке алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл жээги. Архив
Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Мыйзам боюнча, томолой жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар турак жай же жер тилкелери менен камсыз болууга тийиш.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жашаган ата-энеси жок калган Э. уулу Т.  менен Б. М. аттуу балдар турак жай куруу үчүн жер тилкелерине ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Балдардын ар бирине 15 сотыхтан жер Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн.
Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Ак үйдүн маңдайындагы мүлк 2,1 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды
Өлкө мыйзамдарына ылайык, томолой жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз болууга тийиш экени белгиленет.
Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында Тоңдун прокуратурасы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акт киргизген. Натыйжада Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечими менен өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилип, ага ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0