Эч ким чара көрбөйт. Жалал-Абадда кум аралаш суу ичкен шаардыктар арызданды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКыз суу кранын текшерип жатат. Архив
Кыз суу кранын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар беш күндөн бери үйлөрүнөн кум аралаш кир суу чыгып жатса да тиешелүү тараптар чара көрбөгөнүн айтышууда. Шаар мэри болсо эч кимден кайрылуу түшпөгөнүн билдирди.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда беш күндөн бери үйлөрдөн кум аралаш кир суу чыгып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Кристина Генкель билдирди.
Анын айтымында, кир суу чыккан алгачкы күнү эле алар шаардык "Суу канал" башкармалыгына кайрылышкан.
"Биз биринчи күнү эле өзүбүз жашаган көп кабаттуу үйдүн комитет төрайымы менен биргеликте тиешелүү жактарга кайрылганбыз. Комитет башчыбыз "Суу каналдын" жетекчилиги менен да сүйлөшкөн. Бирок ал биздин кайрылууга эч кандай чара көрбөй, керек болсо чалуубузга да таптакыр жооп бербей калды. Беш күн эч ким жооп берген жок", — деди Генкель.
Ошондой эле ал суу менен иштеген тиричилик буюмдары кумга толуп жараксыз болуп калат деп аларды иштетпей жаткандыгын билдирди.
Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке кирген күрөң аюуну өлтүрүп, терисин алып бараткан жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жалал-Абадда аюуну өлтүрүп, терисин алып бараткан жаран кармалды. Сүрөт
Аталган маселе менен Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен байланыштык. Ал буга чейин тургундардан эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн айтып, "Суу канал" башкармалыгынын жетекчилигине тиешелүү тапшырма берерин билдирди.
"Менин мындан кабарым жок экен, эч ким айткан эмес. Эгерде кайсы бир жетекчи арыз-муңду жоопсуз калтырган болсо, анда аларга чара көрөм. Бул маселе менен "Суу канал" башкармалыгынын жетекчисин чакырып, тиешелүү тапшырма берем", — деди шаар мэри.
Ормоков шаардын Спутник кичи районундагы суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткенин айтып, жай мезгилинде жаңы түтүктөр орнотуларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0