Адис: Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы май айында келиши мүмкүн

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүAstraZeneca логотиби фонунда шприц. Архив
AstraZeneca логотиби фонунда шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Гүлбара Ишенапысованын айтымында, СOVAX программасы бардык өлкөлөргө AstraZeneca вакцинасын сунуштап жатат. Өзбекстан, Тажикстан жана Армения сыяктуу өлкөлөр биринчи партиясын алып коюшту.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Май айында Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасы келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, COVAX демилгеси менен биринчи этапта 400 миң доза вакцина алуу сунушталган.
"COVAX программасы бардык өлкөлөргө AstraZeneca вакцинасын сунуштап жатат. Өзбекстан, Тажикстан жана Армения сыяктуу өлкөлөр биринчи партиясын алып коюшту. Өзбекстанга 660 миң доза, калгандарына 290 миң дозадан жиберилди. Келишимдин негизинде атайын шприцтер келе жаткан дүйшөмбү күнү Бишкекке жеткирилет", — деди ал.
Эске салсак, Кыргызстанда 29-марттан бери Кытайдын SinoРharm препаратын колдонуу менен коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат. Ушул күнгө чейин аны 2 705 киши алды.

AstraZeneca вакцинасынын тегерегиндеги чуу

Эске салсак, Европанын бир нече мамлекети AstraZeneca вакцинасын колдонууда кыйыр таасирлери чыгып жатканын айтып, эмдөөнү токтотушкан. Мындан улам КРдин Саламаттык сактоо министрлиги дагы убактылуу бул вакцинаны албай турганын билдирген.
Вакцина алып жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Кыргызстандын бардык аймактарында эмдөө пунктулары ачылды. Даректер
Март айында ЕБде AstraZeneca вакцинасын алгандардын ичинен кээ биринде кооптуу учурлар байкалганы туурасында маалыматтар пайда боло баштаган. Биринчилерден болуп коңгуроону Австрия каккан. Алар эмделген адамда тромбоз пайда болуп 10 күндөн кийин көз жумгандыгын, ал эми өпкө тамырынын тромбоэмболиясы менен бир киши ооруканага түшкөндүгүн билдиришкен.
Кийин бир катар мамлекеттерде вакцинадан кийин тромбоз илдети пайда болуп жатканы айтылып, көпчүлүгү аталган вакцинадан убактылуу баш тартышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0