Министр Бейшеналиев ТИМ кызматкери эмнеден каза болгонун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров. Архив
ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Министр дипломатка кичинекей балдар жаткан жерден тамчылатма ийне саюу чоң катачылык болгонун белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.
"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Киши портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
ТИМ кызматкеринин өлүмү. Ооруканадагы төрт киши убактылуу иштен четтетилди
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0