"COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин колдонгондордун саны эки миңге жетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер смартфон менен. Архив
Медициналык кызматкерлер смартфон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен биргеликте төрт жеке лабораторияны тиркеменин маалыматтык тутумуна кошуу боюнча иштерди аткарууда.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын эки миңге чукул жараны "COVID-19 жок саякаттайм" санариптик платформасын колдонду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Ага ылайык, Бишкектен 1 155, Ош шаарынан 767 адам тиркемени көчүрүп алып кызматын колдонгон.
Медициналык маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу
Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген "COVID-19 жок саякаттайм" санариптик платформага кошулган. Платформага тесттик режимде эки аккредитациядан өткөн лабораториялар бар. Тагыраагы, бири Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде (Бишкек) болсо, экинчиси Оштогу Санэпидкөзөмөл борборунда.
Учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен биргеликте "Бонецкий лабораториясын", "Гемотест", "Aqua lab", "Интермедикал" аттуу төрт жеке лабораторияны "COVID-19 жок саякаттайм" маалыматтык тутумуна кошуу боюнча иштерди аткарууда.

Тиркеме кандайча иштейт

Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү керек. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу зарыл.
Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0