Бишкекте канча окуучу жана мугалимден коронавирус аныкталганы айтылды

© REUTERS / Cooper NeillCOVID-19га анализ учурунда лабораториянын кызматкери. Архив
COVID-19га анализ учурунда лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде балдар аралыктан окуп жатканы, жети мектепте 11-класстын окуучулары онлайн окууга жиберилгени айтылды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 9-апрелге карата Бишкекте 22 окуучу, 19 мугалимден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга байланыштуу жети мектепте 11-класстын окуучулары аралыктан окууга жиберилген.
Мектептеги окуу классы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Ош шаарында бир тууган балдардан COVID аныкталып эки мектеп жабылды
Муниципалитет бүгүн,14-апрелде, шайлоо участкалары катары иштеген мектептер менен бала бакчаларда офлайн жана аралыктан окуу башталганын кабарлады. Шайлоо аяктагандан кийин дезинфекция кылуу үчүн алар бир нече күнгө жабылган.
Мэриянын маалыматы боюнча, окуу башталганда 1,2,3,4,5,9 жана 11-класстардын окуучуларын кошкондо 100 миң бала мектепке барган. 1 377синин ата-энеси уул-кыздарын аралыктан окутуу тууралуу арыз жазып беришкен.
Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде балдар аралыктан окуп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0