Адис ашказан коронавирусу пайда болгонун айтып, белгилерин санап берди

© Фото / Pixabay/ nastya_geppАял ичин кармап жатат. Архив
Аял ичин кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Гастроэнтеролог вирус учурда адамдын алсыз жактарын издеп, дал ошол жерге таасир этүүгө аракет кыла баштаганын белгиледи.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Акыркы учурда COVID-19дун ашказан жана ичеги-карынды ооруткан түрү көп кезиге баштады. Бул тууралуу Мечников атындагы медициналык университеттин гастроэнтерология кафедрасынын ассистенти, гастроэнтеролог Юлия Коковинага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ашказаным ооруду деп кайрылгандарды текшере келгенде коронавируска антителосу бар экени аныкталууда.
"Болгону 1-2 күн ашказаны, ичеги-карыны ооруп жакшы болуп кеткенден кийин кайрылгандар бар. Дээрлик бардыгы өнөкөт гастритим козголду деп ойлошот. Сурасаң, коронавируска кабыла элегин айтышат. Бирок текшере келгенде COVID-19га антителосу бар экени аныкталат. Мындан улам учурда вирустун тамак сиңирүү системасына гана таасир эткен түрү пайда болду деп айтууга болот", — деди адис.
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт
Маалыматка караганда, ашказан коронавирусуна кабылган бейтаптар көбүнесе алы кетип, ичи толгоо тартып жаткансып бурап, жүрөгү айланганын айтууда.
Адистин пикиринде, вирус учурда адамдын алсыз жактарын издеп, дал ошол жерге таасир этүүгө аракет кыла баштады. Ал эми ашказан жана ичеги-карын оорулары учурда адамдардын 85 пайызында кездешет.
Жаңылыктар түрмөгү
0