Мамлекетке чыккынчылык кылды деп кармалган экинчи адамдын ким экени айтылды

© AFP / HENDRIK SCHMIDTКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Казакпаев камакта 14-июнга чейин жатса, Токтоучиков 13-июнга чейин камакта болору айтылды. Алар мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы саясий серепчи Марат Казакпаев менен кармалган экинчи адам Марат Токтоучиков экенин тастыктап, баш коргоо чарасы тандалганын кабарлады.
Соттун чечими менен Токтоучиков 2021-жылдын 13-июнуна чейин камакта болот. Ал эми Казакпаевди 14-июнга чейин камакта калтыруу чечими чыккан.
 Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төлөдү
Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, Токтоучиков Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген.
Эске салсак, 14-апрелде УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деп эки адамды кармаган. Алардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган болчу.
Комитеттен эске салышкандай, мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандардын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0