Өлкө боюнча 6 бейтап көз жумуп, 300дөн ашуун кишиге COVID жукту

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгер оорукананын бөлүмүндө COVID-19 менен ооруган адамга жардам берип жатат. Архив
Дарыгер оорукананын бөлүмүндө COVID-19 менен ооруган адамга жардам берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Жуктургандардын саны боюнча дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда. Ошондой эле бүгүн бир нече аптадан бери жаңы учурлар каттала элек Талас облусунан вирус жуктургандар табылды.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 305 кишиден табылып, 178 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 109;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 55;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл – 6;
  • Жалал-Абад –1;
  • Баткен облусу – 1.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 186;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 89;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад – 4;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 91 144кө жетсе, анын ичинен 86 491и сакайып кетти.
Акыркы суткада коронавирустан алты киши каза тапты. Алардын бешөө Бишкек шаарынын, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1 540ка жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0