Баткен: мамлекеттик 30 батир, жер тилкелери жеке тараптарга берилип кеткен

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Башкы прокуратуранын имараты. Архив
Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз келишимдерди түзүп, мүлктөрдү сатып жиберишкен. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Баткендеги "Кадамжай-Коммунальщик" мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү 30 батир, 10 жана 15 сотыхты түзгөн эки жер тилкеси жеке жактарга берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Мүлктөр аталган ишкананын жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан сатылган.
"Тагыраагы, жогоруда кеп болгон мамлекеттик мекеме менен ишкананын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен", — деп жазылган билдирмеде.
Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Прокуратуранын жардамы менен Тоңдогу жетим балдар жер тилке алышты
Учурда Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздары жазылган.
Андан сырткары, кызматкерлердин аракетине баа берүү үчүн Жазык кодексинин 320-беренеси менен ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0