Коронавирус күч алды. Акыркы жолу өлкөдө 300 учур качан катталды эле

© REUTERS / Vladimir PirogovМедициналык кызматкер иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус 300дөн ашык адамдан аныкталды. Акыркы төрт айдан бери өлкөдө коронавирусту мынча көп жуктургандар каттала элек болчу.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы ирет бир күндө коронавирус жуктурган 300 учур 2020-жылдын 14-декабрында катталган.
Ал учурда өлкөдө бир суткада 318 жаңы учур аныкталган болчу. Андан бери төрт ай өтүп, бүгүн коронавирустун 305 жаңы учуру катталды. Октябрь окуяларынан кийин ооругандардын саны тездик менен өсүп, декабрдын ортосунан тарта оору жуктургандардын статистикасы аз-аздан ылдыйлап баштаган.
Дарыгер оорукананын бөлүмүндө COVID-19 менен ооруган адамга жардам берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Өлкө боюнча 6 бейтап көз жумуп, 300дөн ашуун кишиге COVID жукту
Өткөн суткада өлкө боюнча алты адам коронавирустан көз жумду. Анын экөө Чүй облусунан болсо, төртөө Бишкектен каза тапкан. Буга чейин мындай көрсөткүч 12-апрелде катталган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан тарта коронавирус жалпы 91 144 адамдан табылган. Анын ичинен 86 491 киши дартты жеңсе, 1 540 бейтап каза болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0