Дарыгер-невролог Кундуз Карбозова

Невролог Карбозова: Паркинсон оорусуна эркектер көп чалдыгат

671
(жаңыланган 01:22 17.04.2021)
Нервге байланышкан Паркинсон оорусу негизинен улгайган куракта пайда болуучу дарт. Бирок бул оору менен жаш курагында ооругандар да катталууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дарыгер-невролог, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова менен Паркинсон оорусу тууралуу баарлашкан.

Англиялык окумуштуу жана изилдөөчү дарыгер Жеймс Паркинсон алгачкылардан болуп калтыратма шал оорусунун белгилерин айтып чыккан. Мындан улам бул илдетке медиктин аты ыйгарылган.

— Паркинсон оорусу деп көп укканыбыз менен жакшы биле бербейбиз. Маалымат бере кетсеңиз?

— Паркинсон — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу деп аталат. Башкача айтканда мээнин кайсы бир аймагындагы нейрондор өлүп же иштебей калат. Оору — дофамин затын бөлүп чыгаруучу мээнин нигра субстанциясы (кара субстанция — ред.) деп аталган бөлүгүнө таасир берет. Дофамин биздин эс-тутумду, ыктыярдуу кыймыл-аракетибизди жана маанайыбызды жөндөп туруучу нейротрансмиттеринин бири. Ошол себептен Паркинсонго чалдыккан адамда дофамин аз бөлүнүп чыгып, эс тутум жана кыймыл-аракет начарлай баштайт.

Врач-невролог, ассистент кафедры неврологии и клинической генетики при КГМА Кундуз Карбозова
© Фото / фотостудия Linkiway
Нервге байланышкан Паркинсон оорусу негизинен улгайган куракта пайда болуучу дарт

— Бул ооруга чалдыгуунун негизги себептери кайсылар?

— Азыркыга чейин Паркинсон оорусунун так себеби жок. 1755-1756-жылдан бери бул илдеттин себептери изилденип келе жатат. Буга генетикалык фактор таасир этиши мүмкүн деген божомол бар. Анткени Паркинсон оорусу менен ооругандардын анализин лабораторияда текшергенде мутацияланган парк 1, парк 2 деген гендер табылган. Ошол себептен азырынча гендик фактордун кесепетинен улам пайда болот деп болжолдонууда. Мындан тышкары, тобокелчилик фактору катары жаш куракты айтабыз. Бул ооруга чалдыккандардын көбү эле 60 жаштан ашкандар болуп эсептелинет. Ошентсе да 40-45 жаштагы адамдардын арасында да Паркинсонго чалдыккандар кездешүүдө. Муну адистер химиялык заттарды көп колдонуу менен түшүндүрүшөт. Айта кетчү жагдай, бул дартка аялдарга караганда эркектер көп кабылат.

— Паркинсон синдрому, Паркинсон оорусу дегендер бар экен, айырмасын түшүндүрүп берсеңиз?

— Баштын жаракатынан жана инсульттан кийинки мээнин өзгөрүшүнөн улам Паркинсон синдрому келип чыгышы мүмкүн. Ал эми Паркинсон оорусу негизинен тукум кууйт.  Дарылоо, алдын алуу жагынан бир аз айырмаланат.

Врач-невролог, ассистент кафедры неврологии и клинической генетики имени А.М.Мурзалиева КГМА им.И.Ахунбаева Кундуз Карбозова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кундуз Карбозова: баштын жаракатынан жана инсульттан кийинки мээнин өзгөрүшүнөн улам Паркинсон синдрому келип чыгышы мүмкүн

Паркинсон оорусунда негизинен кыймыл-аракет бузулат. Адамдын колу, бети, эриндери же буту титиреп, жөн отурганда эле кыймылдап баштайт. Ал эми кыймылдап жүргөн учурда титирегени азайып калат. Ошондой эле булчуңдар катуу болуп адамдын кыймыл-аракетине таасир берип, бейтаптар акырын, кыбырап басып-турууга мажбур болот. Анткени мээдеги дофамин азыраак иштелип чыгып кыймылдын темпин азайтат. Мындан тышкары, эс тутум начарлап, маанай өзгөрөт. Бейтаптардын 70 пайызы деменцияга (ой калчоонун жайлашы — ред.) чалдыгат. Бул жагынан Паркинсон Альцгеймер оорусуна да окшоп кетет. Бирок дарылана баштаганда айрым бейтаптардын кыймылы тездеп, жүгүрүп калышы мүмкүн. Анткени ооруга каршы дофаминди бөлүп чыгуучу дарылар берилет. Арийне мындай жыйынтык бардык эле бейтаптарда боло бербейт.

— Акыркы кезде оорулар жашарып бара жаткандыгын билебиз...

— Ооба, Паркинсон оорусуна кабылгандар да жашарып, мурда 60-70 жаштагы кишилер ооруса, азыр 40-45 жашынан чалдыгып жатат. Ал эми бейтаптардын так санын айта албайм, бирок генетикалык факторлордон улам бул оору менен бир үй-бүлөдө эки-үч адам ооруп калган учурлар кездешет.

Врач-невролог, ассистент кафедры неврологии и клинической генетики при КГМА Кундуз Карбозова
© Фото / фотостудия Linkiway
Паркинсон Альцгеймер оорусуна да окшоп кетет

— Паркинсон оорусу кандайча өрчүшү мүмкүн. Стадиялары барбы?

— Паркинсон прогрессивдүү ооруга кирет. Башкача айтканда күндөн-күнгө өрчүшү ыктымал. Башында оорунун биринчи белгиси билинсе, бир-эки жылдан кийин экинчи белгиси байкала баштайт. Негизинен формаларга бөлүп да карайбыз. Ошол эле денени калтырак басышы, булчуңдардын иштөөсүнүн бузулушу жана айрым учурда аралаш формасы да кездешет. Бирок оорунун өрчүшүн так стадияларга бөлүп айтуу мүмкүн эмес. Анткени ар бир бейтаптын организми ар кандай. Кээ бирлеринде оору беш жыл аралыгында өрчүшү мүмкүн болсо, айрымдарынын абалы бир-эки жылда эле начарлап кетет. Бул оору адамдын жаш өзгөчөлүгүнө, жеген тамак-ашына да жараша болот.

— Дарылоо ыкмалары тууралуу айтып берсеңиз.

— Азыркы учурда көбүнчөсү дары-дармек ичүү жолу менен гана дарыланат. Организминдеги дофаминди көтөрө турган дарылардын беш тобу бар. Мындан тышкары, акыркы кезде хирургиялык ыкма да колдонулууда. Ал мээнин терең стимуляциясы деп аталат. Бул нейрохирургдар менен бирге ишке ашырылып, мээнин айрым бөлүктөрүнө электр стимуляция жасалып, мындан улам титирөө азайып, эс тутум жакшырат.

Врач-невролог, ассистент кафедры неврологии и клинической генетики им. Мурзалиева в Кыргызской государственной медицинской академии им. Исы Ахунбаева Кундуз Карбозова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кундуз Карбозова: айрым учурда 40-45 жаш курактагылардын Паркинсон оорусуна кабылган учуру кездешет

— Кыргызстанда Паркинсонду дарылоого дары-дармек жетиштүүбү?

— Бизде бул оорунун эки-үч дарысын табууга болот. Бирок заманбап дарылар жок. Бул жагы өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин иши.

— Дарылоо ыкмасында гимнастика, логопеддик терапия да бар экен...

— Бейтаптар гимнастикалык көнүгүүлөрдү күнүгө жасап турса болот. Ошондой эле эрготерапия, эмгек терапиясы сыяктуу көнүгүүлөр да бар. Мында эрготерапевттер бут кийим кийүү, кийимди топчулоо өңдүү көнүгүүлөрдү үйрөтүүсү каралган. Анткени Паркинсон оорусунда булчуңдар катып калгандыктан ушундай жөнөкөй кыймыл-аракеттерди жасоо оорго турат. Айрым учурда логопеддерге да жиберебиз. Себеби кээ бир бейтаптардын тили чулдурап калат. Анан, албетте, психолог менен да иштешебиз. Анткени бул дарт стресс менен да коштолот. Мунун бардыгы дары ичип жаткан маалда жасалып, дарылануу иштерине кирет.

Врач-невролог, ассистент кафедры неврологии и клинической генетики при КГМА Кундуз Карбозова
© Фото / фотостудия Linkiway
Паркинсон прогрессивдүү ооруга кирет

— Паркинсон синдромунда деле ушул дарылар колдонулабы?

— Анда инсульт, мээ жаракаты сыяктуу оорунун очогун дарылайбыз. Бирок көп учурда аталган илдет болуп өткөндөн кийин гана Паркинсон синдрому пайда болот. Мында деле жогорудагы айтылган дарыларды эле пайдаланабыз, бирок алар аз көлөмдө колдонулат.

— Дартты кантип алдын алууга болот?

— Аялдар кош бойлуу кезинде өзүн карап, үй-бүлөнү пландоону билиши керек. Ошондой эле экологиялык фактор да эске алынат. Таза абада дем алып, сейилдеп, туура тамактанып, көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл.

Врач-невролог, ассистент кафедры неврологии и клинической генетики имени А.М.Мурзалиева КГМА им.И.Ахунбаева Кундуз Карбозова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кундуз Карбозова: азыркы учурда көбүнчөсү дары-дармек ичүү жолу менен гана дарыланат

— Паркинсон жана Альцгеймер оорусуна чалдыккан адамдарга жакындарынын көз салып туруусу маанилүү эмеспи. Бейтаптын жакындары эмнелерди эске алышы керек?

— Айрым бейтаптар дарыны убагы менен ичпейт. Бир аз жакшы болгондо эле таштап коюшат. Бейтаптын үйүндөгү буюмдары ага ылайыктуу жасалышы керек. Ошол эле креслосу да ыңгайлуу болгондугу маанилүү. Бул кишилер эртең менен турганда булчуңдар катып калгандыктан өзү тура албай кыйналат. Ошондуктан дубалга кармагычтарды тагып коюшат. Ар бир бейтаптын оорусунун мүнөзүнө жараша үйдө шарт түзүлүшү абзел.

— Толук айыгып кетүү мүмкүнбү?

— Паркинсондун негизги себептери так аныкталбагандыктан толук айыгып кетүү мүмкүн эмес. Жасалып жаткан профилактика оорунун белгилерин азайтат. Бейтаптардын оорусунун деңгээлине жараша дарылоо убактысы да аныкталат.

671
Белгилер:
Паркинсон оорусу, көнүгүү, дарылоо, дарт, Альцгеймер оорусу, невролог, Кундуз Карбозова
Тема боюнча
Кал, меңди алдырарда онколог менен кеңешүү керек. Онкодерматологдун маеги
Невролог Батыров: остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат
Нейрохирург Ырысов: башы ооруп, кускусу келген адам сөзсүз текшерилиши керек
Головной суу бөлүштүрүүсү

Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди

18
(жаңыланган 22:07 06.05.2021)
Садыр Жапаров Баткен облусуна барып, чек арадагы жаңжалда жабыркаган эл менен жолукту. Ошондой эле зыянга учураган объектилерди көрдү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров во время выступления на военном полигоне Бужум в Баткенской области. 06 мая 2021 года
    Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Военный полигон Бужум в Баткенской области во время визита президента КР. 06 мая 2021 года
    Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды

Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

“Мамлекет башчы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

18
Белгилер:
модернизациялоо, Садыр Жапаров, "Головной" суу бөлүштүрүүчү, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

11
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

11
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө