Ак үйдүн алдында казино мыйзамына каршы болгондор митинги

Казино мыйзамына каршы болгондор Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Сүрөттөр

94
(жаңыланган 18:39 15.04.2021)
Нааразычылык акциясына чыккандар колдоруна "Көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "Казино каргашалуу бизнес" деп жазылган плакаттарды кармап турушат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бир нече киши Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршы тынчтык митингине чыгышты.

Группа граждан митингует в центре Бишкека против легализации казино на территории Иссык-Кульской области. 15 апреля 2021 года
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бир нече киши Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршы тынчтык митингине чыгышты

Алар колдоруна "Көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "Казино каргашалуу бизнес" деп жазылган плакаттарды кармап турушат.

Катышуучулардын бири Медер Тилектеш уулунун айтымында, алар "жаңы эле митингдер тынчып, коронавирус күч алып турганда көп адамды чогулткусу келген эмес".

"Казинолорду ачык-айкын иштетүүгө жол берген мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Биз буга каршыбыз. Арам акча менен бюджетти толтурабыз деп жатышат. Эгер элин бага албаса, орундарын бошотуп билимдүү, иштей турган адамдарга өткөрүп беришсин", — деди ал.

Чогулгандардын арасында казинодон жабыркагандар дагы бар.

Группа граждан митингует в центре Бишкека против легализации казино на территории Иссык-Кульской области. 15 апреля 2021 года
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Алар колдоруна "Көз жашка чыланган акча, кумар оюну эч кимге жөлөк боло албайт", "Казино каргашалуу бизнес" деп жазылган плакаттарды кармап турушат
"Менин балам кумар оюндарына берилген, тапкан-ташыганынын баары ошол жакка кетет. Мен көз жашы төгүлгөн миңдеген энелердин атынан чыгып жатам. Казиного чет элдиктер гана барат деп жатышат. Бирок өзүбүздүн балдар дагы барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Балдарды дүйнөдө өнүгүп жаткан инновациялык технологияларга, жаңы кесиптерге үйрөтүүнүн ордуна маңкурт кылып казиного киргизип койгонубуз туура эмес", — деди катышуучулардын бири.

Мындан кийин тынчтык митингине чыккандар Өкмөт үйүнүн алдына берууну пландап жатат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал өткөн аптада биринчи окууда каралган.

Турусбековдун айтымында, бул мыйзам долбоору Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат.

Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, туристтик сезонду өнүктүрүү үчүн башка ыкманы колдонууга болорун айтып чыгышкан.

94
Белгилер:
мыйзам долбоору, Жогорку Кеңеш, казино, митинг, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Митингде таяк жеп калышууда. Депутат милиционерлерди көбөйтүүнү сунуштады
Пригородноенин айыл өкмөтүн басып алган аялдар. Онлайн-репортаж
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

378
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

378
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Кызгалдак гүлдөгөн талаа. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

42
12-майга караган түнү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +25…+27 градус болот.

42
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаап, күн күркүрөйт. Бир аптага карата аба ырайы