Орозо бүтөрүнө 10 күн калганда башталат. Жарамазан айтуунун эрежеси

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек аянтында мусулмандар намазда. Архив
Бишкек аянтында мусулмандар намазда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Орозо айы кирип келери менен айрымдар Жарамазан айтууну баштады. Бирок бул туура эмес. Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун өзүнүн тартиби бар.
Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берген.
Кыргыздын салты катары калыптанып калган жарамазанды илгери кедейлер айтып, колунда бар адамдардын үйүн каккылап ырдап, кардын тойгузуп, андан соң батасын берген. Аны менен катар эл ичинде кимдин үйүнө жарамазан айтып барса кут кирет деген түшүнүк орун алган.
Жарамазан орозо менен эле дароо башталбайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашаган.
Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Канча малы бар адам зекет бериши керек. Муфтияттын түшүндүрмөсү
Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган. Азыр да бул тартип сакталып келет.
Жарамазанды балакаттан өткөндөр айткан. Азыр жарамазанды балдар айтып жүрөт. Бирок мурда аны 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор айткан. Алар жарамазанды жөн эле айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.
Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес.
Чала-чарпыт айтпаш керек. Жарамазан — бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштыра, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.
Мусулман намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
ДССУ мусулмандарды Орозо айында бир катар эрежелерди сактоого чакырды
Балдар бата бербейт. Кыргыздын салт-санаасы боюнча оозунда сөөлү, таңдайында мөөрү бар очор-бачарлуу, бала-чакалуу, турмушта көп нерсеге жетишкен адамдар гана бата бере алган. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган.
Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.
Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан аны жок дегенде 5-6 адам айтат.
Жаңылыктар түрмөгү
0