Сексолог эркектер үчүн кооптуу делген азыктарды тизмектеди

© AFP / MANAN VATSYAYANAМашыгып жаткан адам. Архив
Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Дарыгер тестостерондун деңгээлин жогорулатуу үчүн эркектерге жашылча, белок, чөп-чар, жаңгактын түрүн сунуштаган.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кофе, ичимдик жана жалбызды көп колдонуу эркектердин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна маек берип жатып сексолог, психотерапевт Евгений Кульгавчук айтканын РИА Новости жазды.
Дарыгер эркектер бул суусундук, азыктардан алыс болушу керектигин белгилеген. Анткени кофе, жалбыз жана ичимдик эркектин бел кубатын бекемдеп турчу тестостерондун азайышын шарттайт.
"Бир күндө үч чөйчөктөн көп кофе ичүү бөйрөктүн үстүндөгү безге зыян. Ал бездин тестостерондун бөлүнүп чыгуусуна түздөн-түз катыштыгы бар. Ичимдикти көп ичүү тестостерондун синтезин ылдыйлатса, жалбыз нерв системасын гана эс алдырбастан, жыныс мүчөнү да алсыздандырып коёт", — деген Кульгавчук.
Чуркап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Уролог эркектин бел кубатын бекемдөөчү беш эрежени санап берди
Медик айрыкча сыра эркектин ден соолугун талкалай турганын белгилеген. Анткени анда аялдардын гормонунун аналогу деп саналган фитоэстрогендер бар. Курамында соя бар азыктарды көп колдонуу да эркектерге сунушталган эмес. Ошондой эле ашыкча салмакка алып келген азыктарды азыраак колдонуу керек. Анткени майлуу тамактар тестостерондун деңгээлине терс таасирин тийгизет.
Дарыгер түшкү тамакты жакшылап ичип, кечки тамакты тоё жебеш керек деген кеңешин берген.
Сексолог тестостерондун деңгээлин жогорулатуу үчүн эркектерге жашылча, белок, чөп-чар, жаңгактын түрүн сунуштаган.
"Мырзаларга ашыкча салмакка алып келбегендей туура тамактанууну сунуштайт элем. Экинчиден, белок көбүрөөк болушу зарыл. Аз-аздан, бирок бат-баттан жаңгактын түрүн жеп туруу да керек", — деген Кульгавчук.
Анын айтымында, тестостерон бел кубатты гана бекемдебестен эркекке энергия, күч берет. Дарыгер аталган гормонду адамдын ичиндеги энергетик деп сыпаттаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0