Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДалилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова. Архив
Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын колдонуп же коронавируска каршы дары катары жазып бере турган болсок, расмий медицина кыйроого учурарын айтат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгын коркунучка алып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова билдирди.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган чөптүн тундурмасын журналисттерге маалымат жыйынын берип жатып ичерин айткан.
"Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын колдонуп же коронавируска каршы дары катары жазып бере турган болсок, расмий медицина кыйроого учурайт. Мен бул аракеттерди Кыргызстандын медицина тармагына чабуул катары баалайм. Бир эле учурда "Жарандардын саламаттыгы жөнүндө", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" бардык медициналык мыйзамдар бузулат. Бул медиктер коомчулугунун бетине түкүргөнгө барабар. Анда медициналык ЖОЖдор менен илимий борборлорду жаап салуу керек", — деди Барыктабасова.
Ал "Ысык-Көл тамыры" Дары-дармектер менен камсыздоо боюнча департаменттен каттоодон өтмөйүнчө мыйзамсыз болуп эсептелерин кошумчалады.
Жапаров кызыл зонада дарыланып жаткандарга барып кабар алды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жапаров "кызыл зонада" дарыланып жаткандарга барып кабар алды. Видео
"Каттоодон өткөрөбүз десек, жаныбарлардын организминде сыноолор болгонбу же болгон жокпу деген суроо берилет. Эл арасында муну ит жана эчкини өлтүргөн чөп экенин баары билет. Бардык адамдар муну уу деп таанышат. Таңгагында толук нускамасы жазылышы керек, албетте азыр ал жок", — деди адис.
Барыктабасованын айтымында, "коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протоколго чет элдик адистер толгон-токой бизге белгисиз дарыларды кошууну сунуштаган. Бирок кыргыз медиктери ага каршы турушкан".
"Эми минтип өз министрибиз өлкөдөгү эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат. Ансыз деле коронавирус организмди өтө ууландырган вирус. Биз анын үстүнө кошул-ташыл кылып салбайбызбы. "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгына коркунуч жаратат", — деди ал.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасындагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
230 кишиден вирус табылып, төрт адам каза болду. COVID боюнча статистика
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.
Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0