УКМК Бишкек шаарынын казынасынан 43 миллион сом уурдалганын таап чыкты

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек мэриясы. Архив
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Атайын кызмат белгилегендей, каражат 2020-жылы кабыл алынган токтомдор аркылуу эсептен чыгарылган. УКМК окуянын чоо-жайын ачыктады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. УКМК Бишкек мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражатты өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алганын аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Акча менен конверт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
49 млн. сомду жеп коюшкан. УКМК жол куруудагы коррупциялык ишти аныктады
УКМКнын белгилешинче, бюджеттик каражатты парламенттик шайлоо алдында үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына пайдалануу максатында тийиштүү кызматкерлер тарабынан каражатты эсептен чыгаруу боюнча мыйзамсыз механизм түзүлгөн.
Бул максатта мэриянын 2020-жылдын 8-июнундагы №60 "Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби тууралуу Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынган.
"Ошол эле учурда, бул жарандык долбоорлор жалаң гана шаардык кеңештин жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле долбоорлор Бишкек мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылган. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0