Министр Бейшеналиев: уу коргошун менен 300дөй кишини дарыладык

© Sputnik / Табылды КадырбековЧөптөрдүн тамырлары. Архив
Чөптөрдүн тамырлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Министр дарыгерлерди чакырып, дарылоону үйрөтүп, кийин алар өз жоопкерчилигинин алдында оорулууларды уу коргошун менен дарылап жатканын айтты.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Уу коргошун менен бир нече күндөн бери коронавируска кабылган 300 адам дарыланды. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Ушул тапта 300дөй кишини дарыладык. Кыйналып жаткандар какырыгы чыгып, уйкусу жакшырып, жакшы болууда. Жакшы жыйынтыктар бар", — деди министр.
Анын айтымында, кечээ, 15-апрель күнү, президент Садыр Жапаров менен биргеликте Бишкектеги жана Чүйдөгү бир нече оорукананы кыдырып, бейтаптар менен сүйлөшкөндө, алар жакшы болуп калганын айтышкан.
Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт
Ошондой эле министр дарыгерлерди чакырып, дарылоону үйрөтүп, кийин алар өз жоопкерчилигинин алдында оорулууларды уу коргошун менен дарылап жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, учурда ар бир дарыгер клиникалык протокол жазып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, министр уу коргошунду дарыгерлердин гана көзөмөлүндө ичүү керектигин белгилеп, аны муздак же туура эмес ичсе адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскертти. 
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.
Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан. 
 
 
Жаңылыктар түрмөгү
0