УКМК 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштерин жаңылады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаарындагы башаламандыктар. Архив
Ош шаарындагы башаламандыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400 адам анын курмандыгы болгон.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. УКМК 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштерин жаңылады. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Рейд спецназа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2016
Жүрөк титиреткен төрт күн. Июнь окуясын чагылдырган сүрөттөр
УКМКдан билдиришкендей, 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндөгү трагедиялуу окуяларга себепкер болгон деген Кадыржан Батыровдун республикадан тоскоолдуксуз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө. Ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилмекчи", — деп айтылат билдирүүдө.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400 адам анын курмандыгы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0