Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусунун Түп районундагы Жыргаландын жаратылышы. Архив
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жыргаландын жаратылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
17-апрелге караган түнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +22…+24 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0