Россиядагы прокуратуранын тосмосу. Архивдик сүрөт

РФ прокуратурасындагы котормочу Митиева: кыздардын соттолушуна эркектер да күнөөлүү

4025
(жаңыланган 16:55 17.04.2021)
Илгери миграциянын агымы менен Россияга кеткен карасуулук филолог Салтанат Митиеванын тагдырын көчөдө баштыгы жырылып кеткен аял өзгөрткөн.

Түн уйкудан калып кафеде идиш жууп, прокуратурада пол жууп иштеп жүргөн Салтанат айым учурда көзөмөл органдары менен кызматташат. Сот процесстеринде жана тергөөдө мигранттардын айткандарын которуп берет.

Анын социалдык тармактагы посттору кийинчерээк көп окулууда, өзү муну жаштарга сабак катары жазып жатканын айтты.  Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Салтанат Митиеваны кепке тарткан. 

Филолог, эмигрировавшая в Россию Салтанат Митиева
© Фото / Салтанат Митиева
Илгери миграциянын агымы менен Россияга кеткен карасуулук филолог Салтанат Митиева

— Салтанат айым, алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби? Каяктын кызы болосуз, кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз, бала чагыңыз кандай өткөн?

— Мен Оштун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан Жылкелди айылынын кызы болом. Атам көп жыл Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы жатак мектепте тарбия иштери боюнча бөлүм башчы, англис тили боюнча мугалим болуп иштеген. Апам башында бизди тарбиялап үйдө болду, чоңойгонубузда медайым болуп иштеди.

Балалыгымды эстегенде Кычан Жакыпов мектеп-интернаты көз алдыма келет. Ишемби күнү ата-энелер балдарын үйүнө алып кетчү. Мен аларды мектептин дарбазасынан күтүп, "кимге келдиңиз?" деп сурап чуркап барып балдарын чакырып берер элем. Биз мектептин жанында жашаган үчүн атам мени артына көтөрүп түнкүсүн сөзсүз бир маал окуучуларынан кабар алчу. Мен атам менен барам деп уктабай күтчүмүн. Ал ар бир комнатага кирип, ачынып калган балдарды жаап чыкчу.

Балалыгым бактылуу өттү. Мектеп-интернатта ата-энеси жок балдар дагы окуйт эле. Каникул убагында атам аларды үйгө алып келчү, биз менен бир туугандай жүрө беришчү. Кудайга шүгүр, азыр фамилиямды укканда эле окуучулары "Эшполот агайдын кызы болосуңбу?" деп атам жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышса сыймыктанып калам.

— Кайсы кесипке ээ болдуңуз?

— Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, ошол эле убакта Кара-Суу шаарындагы Манас орто мектебинде кыргыз тил адабиятынан сабак берчүмүн.

— Россияга биринчи жолу качан бардыңыз? Башка мигранттар сыяктуу эле иш издеп кеттиңиз беле?

— 2005-жылы миграция агымы күчөп Россияга иш издеп бардык. Москвага келген жылы аябай кыйналдым, эртең менен чыгып кечке жумуш таппай келем. Бир жолу батирде чогуу иштеген кыз магазинге пол жуугуч керек экен дегенинен барсам, клининг компания аркылуу алабыз деп кетирип жиберишти. Дүкөндөн маанайым жок чыгып келе жатсам бир аялдын колундагы баштыгы жырылып, ичиндеги алма, мандариндери жерге чачылып кетиптир. Мен чуркап дүкөнгө кирип баштык сатып алып чыгып, аялга алма, мандаринин терип жардам бере баштадым. Ал мага ыраазычылыгын айтып, анан баштыгын унаасына чейин көтөрүшүп бардым. Мен өзү бир көргөн адамга тартынбай сүйлөп кете берем. Ага дагы "Дүкөнгө иш издеп келдим эле, сиз кайсы жакта иштейсиз? Пол жуугуч керек эмеспи?" десем, жардам берейин деп номеримди сурады. Менде уюлдук телефон жок десем, бир даректи айтып эртең саат 10го бар деди. Эртеси саат жетиде ошол аял айткан жакка жөнөдүм, дарегин таппай калбайын деп эрте чыккан элем. Мен жашаган жерден жарым эле сааттык жол экен, эрте барып алып ары-бери басып жүрдүм. Саат ондо айткан даректен күзөтчү тосуп алып бир кишиге алып кирди. Көрсө ал киши прокурор, мен жардам берген аялдын күйөөсү экен. Мени прокуратурага пол жуугуч катары ишке кабыл алды. Алгач күндүзү прокуратурада пол жууп, түнкүсүн ресторанда идиш жууп жүрдүм, эптеп эки саат уктасам уктап алат элем.

— Анан кантип прокуратурада котормочу болуп калдыңыз?

— Мектепте орус тилден жакшы билим алгандыктан эркин сүйлөчүмүн. Мага жакшы билим берген Тиллакан эжекеме, Сабира эжекеме, Жума агайыма, Төрайым эжекеме жана жалпы эле мугалимдерге ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Менин тартынбай оюмду эркин айткан мүнөзүмдү байкаган тергөө комитетинин башчысы Андрей Игоревич котормочу болуу сунушун айтып калды. Ал убакта котормочулар аз эле. Ошентип бир жылдан кийин органдар менен иштешип калдым.

— Азыр ошондо кайсы прокуратурада иштейсиз?

— Москванын борбордук административдик округунун прокуратурасында эмгектенем. (ЦАО — Центральный административный округ) Бул жакка сегиз прокуратура карайт. Кадимкидей эртеден кечке чейин иштеп, айлык алам. Россияда биздей котормочулар суудай керек да. Тергөөчүлөр бири-биринен угуп өзүмдүн аймагыман башка жактагы иштерге да чакырып турушат. Ошентип айлыктан тышкары кошумча каражат тапканга да мүмкүн болуп жатат.

— Канча тил билесиз? Кайсы улуттагылар менен көбүрөөк иштешесиз?

— Кыргыз, казак, өзбек тилдеринде эркин сүйлөп, англис тилинде оюмду айта алам, түрк тилин да билем. Көбүнчө мигранттар менен, анын ичинде кыргыз жана өзбек жарандары менен иштешип, айткандарын тергөөчүгө жана сотко орусча которуп берем. Алардыкын кайра кыргызча түшүндүрөм.

— Байкашымча, жарандык иштерге салыштырмалуу кылмыш-укуктук иштер каралган сот отурумунда көбүрөөк кызмат көрсөтөт окшойсуз?

— Жарандык иштерде сот бир жолу болот. Кылмыш ишинде айыпталуучу кармалгандан баштап тергөө бүткүчө, андан кийин сот бүткүчө котормочу талап кылынган үчүн дайыма кылмыш-укуктук иштеринде кызмат кылам. Тергөөдө бир ката болсо дагы сот айыпталуучунун ишин артка кайтарып, соту улам жылып кетет. Анын айынан айыпталуучу бир жылдан ашуун тергөө абагында жатып калган учурлар болот.

— Өзүңүз филолог болсоңуз дагы органдар менен иштешип жатып мыйзамдарды жакшы өздөштүрүп алсаңыз керек?

— Ооба. Өткөндө прокурор кесиптешим юридикалык билим алып албайсыңбы, эч качан окууга кеч эмес деген жакшы кеңешин берди. Эми сырттан окууга тапшырып, элге юридикалык кеңеш берсемби деген оюм бар.

— Орган жаатында котормочу болуп иштөө бардыгынын эле колунан келе бербесе керек. Негизи кандай тартип менен ишке алышат?

— Россияда котормочулардын башын бириктирген фирмалар жана кызматтар бар. Мен прокуратуранын өзүндө иштей турганымды айта кеттим. Негизи котормочунун кайда иштегени эмес, кесипкөйлүүлүгү маанилүү. Котормону бурмаласаң же жалган айтсаң мыйзам чегинде жооп бересиң. Жоопкерчиликтүү да болуу керек. Макулдугуңду берип тергөөгө же сотко барбай койсоң сенин айыңан жылып кетет.

Мен которуп жатканда оюмду бир жерге топтоп, эмоцияга алдырбай, сүрдөбөй так которгонго аракет кылам. Туура эмес ойду айтып алсам өзү араң турган айыпталуучунун алдында күнөөкөр болуп калам. Кыска которгонду дагы жактырбайм. Мүмкүн болушунча айыпталуучунун ар бир сөзүн жеткиргенге аракет кылам. Мисалы, айыпталуучу "мен кылган ишиме өкүнүп атам, эми кылмыш кылбайм, кечирип коюңуз" десе, аны жөн гана "я раскаиваюсь" деп которсом, сот өкүнүптүр эле деп калат. Ошондуктан ар бир сөзүн так жана жеткиликтүү которуп берем.

— Социалдык тармактарга жумушуңуздагы окуялар тууралуу кийинчерээк эле жазып баштадыңыз окшойт?

— Мени акыркы убакта жаштарыбыздын кылмыш кылып, темир тор артына түшкөнү өкүндүрө баштады. Социалдык тармактан бат жетет эмеспи, ошондуктан жок дегенде бирөө жарымга жардамым тиер деп көбүрөөк пост жазып, видео кайрылуу жасоону туура көрүп жатам.

— Жазгандарыңызга караганда, жүрөк үшүн алган негативдүү окуяларга көп кабыласыз. Айрымдарын жүрөгүңүзгө жакын алып кыйналган учурлар болобу?

— Алгач сотко барганда соттолуп жаткан адамды көрүп кадимкидей ыйлачумун. Кечке алардын тагдыры эмне болот деп ойлонор элем. Убакыт өтүп бул нерсеге көнүп калдым. Бир дагы сот процессиндеги окуяны жүрөгүмө жакын кабыл албаганга аракет кылам.

— Кээде телефон чалып, смс жазгандардын көңүлүн кыйбай түндө деле жооп бере берериңизди айтып каласыз.

— Көбүнчө түнкү саат он экиден кийин соттолгондор телефон чалат. Кээ бири жөн гана сүйлөшкүсү келсе, айрымдары Москвада жакыны жок болгондуктан абакка керектүү буюмдарды алып барып бере аласызбы деп байланышат. Мен бирөөнүн дагы көңүлүн калтырбай таңга чейин сүйлөшкөн убакыттар болот. Эми аларга деле түшүнүү менен карайм. Камалган адамдан көбү жүз үйрүп кетишет, анан алар үмүт кылып чалышса жооп бербей койгонум туура эмес. Жок дегенде жакшы сөзүмдү айтып, сабырдуу болууга чакырам.

— Россияда баңгизат менен кармалган мигранттар көбөйгөнү жашыруун эмес. Айрымдары буга билип туруп, кээси билбей туруп барат экен. Жөн жерден соттолуп кетпеш үчүн эмнелерди эске алуу керек?

— Баңгизат менен кармалгандын көбү бул ишке билип барарын тергөөдө билдим. Акыркы убакта жаштар акчага кызыгып баңгизат ташып, абакка түшүп калып жатышат. 2000-жылкы кыздар дагы бар, эркек балдардан эң жашы 2001-жылкы. Тергөөдө сурак бергендерин уксам баңгизаттарды дарак түбүнө бекитип, аны сүрөткө тартып наркодиллерге жөнөтүп турушкан. Эч качан курьер жана кладмен деген кызматтарга мыйзамсыз иштебеш керек.

Эгер таксиде же жеткирип берүү (доставка) кызматында иштеп жүрүп автоунаадан шектүү зат көрүшсө полиция кызматкерлерин чакыруу керек. Москванын бардык жеринде камера бар, ким бергенин полиция бат эле таап алат. Баңгизат машинадан чыкса бармак издери түшүп калбоо үчүн кол менен кармабаш керек.

— Ымыркайлары менен ара жолдо калган жана алдандым деген жаш кыздар тууралуу дагы көп жазасыз. Аларга биринчи кезекте эне катары көңүлүңүз ооруса керек?

— Тилекке каршы, ымыркайын өлтүрүп же сатып абакка түшкөн кыздарыбыз дагы бар. Жакында бир жараныбыз ымыркайын 800 миң рублге сатып жаткан жеринен колго түшүп, төрт жарым жылга эркинен ажыратылды. Азыр дагы эки жараныбыз баласын сатуу боюнча, бирөө баласын төрөп көчөгө таштап кеткен үчүн тергөө абагында жатат.

Бир кыргызстандык кыз өз баласын мекендешибизге 150 миңге берип, сатып алган кыздын паспорту менен төрөгөн. Кийин баласын саткан кыздын апасы Москвага келгенде кызынын төрөгөнүн угуп, небересин алганы сатып алган мекендешибиздин үйүнө барса "менин паспортум менен төрөгөнсүң, мыйзам боюнча бала биздики" деп бербей коюшат. Апасы экөө баламды уурдап кетти деп полицияга арыз жазышып, эми өзү дагы, баласын сатып алган үй-бүлө да бир жыл төрт айдан бери тергөө жайында отурушат. 31-март күнү соту болот.

Дагы бир кыз жигити менен бирге жашап уул төрөйт. Баласы бир жарым ай болгонго чейин өзү эмизип багат. Экөө наристени көтөрүп айылга кантип барабыз деп айылдаш балага кайрылышса, ал мас болуп алып орус кишиге "бала ала тургандар болсо кабарла" деп телефон номерин таштап кетет. Орус киши полиция кызматкерлерине кабарлап, алар кардар болуп сатып алып жаткан жерден кыз-жигит  кармалат. Эртеси ортомчу болгон айылдашы кармалып, азыр үчөө тең төрт айдан бери тергөө абагында.

Мен эне катары жүрөгүм ооруйт. Бирок кыздарды пайдаланып, боюна бүтүрүп таштаган жигиттерге дагы наалат айтам. Кайсы жерде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол жердин элине кой айыпты дегендей, биздин жаш кыздардын түрмөгө түшүүсүнө эркектерибиздин дагы айыбы бар.

— Бир эле учурда таң калтырып жана иренжиткен окуя кайсы болду?

— Бир жолу жумуштагылар түндө тезинен келип кал деп чакырышты. Барсам өзбек улутундагы кыз баласын баштыкка салып таштанды түтүгүнө ыргытып салыптыр. Аны көчө шыпыргыч таап алат. Бирок ошол баласы  төртүнчү этаждан түшсө дагы тирүү калган.

— Кыргызстандык мигранттар дагы кандай кылмыштарга барып жатат? 

— Кыргызстандык мигранттар кээ бири билип барса, кээ бири билбей кылмышка барышат. Көбүнчө жолдон банктык карта таап алышат. Картага миң рублге чейин сырдык сөзүн бербей дүкөндөн соода кылса болот. Банктык картаны алганымды ким билет эле дешет, бирок картасын жоготкон адам арыз жазганда кайсы убакта кайсы жерде картадан акча иштетилгенин банктан полиция кызматкерлери билип, камера аркылуу мекендештерибиз колго түшүп, абакка камалып жатышат. Азыркы учурда мекендештерибиз уурулук, баңгизат, каракчылык боюнча көп кылмыш кылып жатышат.

— Кыргызстан менен Россиянын мыйзамдарында кандай айырмачылыктар бар?

— Россияда мыйзам өтө күчтүү иштейт, маселени акча менен чече албайсың. Бир мисал, соттолгондорду Россия Кыргызстанга бир тыйын албай которот. Себеби абактарда кармап жатуу аларга пайдалуу эмес. Азыр мен баңгизат менен камалган балдардын апалары түзгөн социалдык тармактагы тайпада бармын. Баласын өлкөдөгү абакка которуп алуу үчүн биздин органдар беш миң доллар сураганын угуп бизде дагы деле мыйзам иштебей турганына ынандым. Беш миң доллары бар болуп бардар жашоодо жашаса ошолор балдарын миграцияга жөнөтөт беле?

Мамиле тууралуу дагы айта кетсем, илгери биздин прокуратурага кайрылсам бой көтөрүп, катчылар аркылуу кайрылгыла деп койду эле. Россияда прокурорлор жарандардын ким экенине карабай өздөрү кабыл алат, маселелерди кечиктирбестен карап беришет.

— Котормочу болуп дагы канча жыл иштейин деген планыңыз бар? Деги эле 10-15 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Буюрса, бактылуу чоң эне болсом дейм, жараткан ошол күндөргө жеткирсин. Котормочу болуп Кудайым ден соолук бергенге чейин иштейм.

— Кыргызстанга келейин деген планыңыз барбы? Келсеңиз котормочулук менен алектенесизби?

— Бар буюрса. Өлкөдө котормочуларга суроо-талап деле жок го дейм. Мектепте мугалим болуп иштегим келет, ошол учурду аябай сагындым.

4025
Белгилер:
кылмыш, котормочу, прокуратура, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облусунда иш сапары менен

Кыргызстан Тажикстандын ИИМи менен кайгуул күзөттөрүн уюштурууну сүйлөштү

17
(жаңыланган 09:55 10.05.2021)
ИИМ башчысы кечээ Баткенге барган. Тажикстандык кесиптештери менен чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу жана коомдук тартипти жөнгө салууну сүйлөшүштү.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • Министр внутренних дел Улан Ниязбеков с рабочей поездкой посетил Баткенскую область. 09 мая 2021 года
    Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Министр внутренних дел Улан Ниязбеков с рабочей поездкой посетил Баткенскую область. 09 мая 2021 года
    Жолугушуу 9-майда Баткен облусунун аймагында өтүп, министр ошол жакка барган
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту

Жолугушуу 9-майда Баткен облусунун аймагында өтүп, министр ошол жакка барган.

"Анын жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу сүйлөшүлдү. Ошондой эле чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу, коомдук тартипти жөнгө салуу, аны биргелешип сактоо, тартип бузууларга жол бербөө сүйлөшүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткенде абал туруктуу экени белгиленди. 52 ыкчам-тергөө тобу талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын эсебин тактоого киришкен.

Ошондой эле министр Улан Ниязбеков ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына барган. Чек ара чырынан жабыркаган айылдардагы жашоочулар жана милиционерлер менен да жолуккан.

17
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, коопсуздук, Улан Ниязбеков, ИИМ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек ара чырынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 36 турак жай салына баштады
Окуучу кезде өзүм каччумун, азыр 8 балам менен качып жүрөм. "Чек арачы" эненин муңу
Ооруп аткан киши. Архивдик сүрөт

Канда холестерин көп экенин кантип билсе болот? Белгилери

35
Муундардын оорушу, дем алуунун кыйындашы, чарчоо да канда холестериндин көп болуп кеткенинен кабар берет.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Британиялык British Heart Foundation уюмунун адистери канда жаман холестериндердин ашыкча көбөйүп кетиши инсультка кептээрин эскертишкен. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.

Окумуштуулардын материалында жазылгандай, канда холестерин көбөйгөндө мээнин кан айлануусу жайлап, ал тургай токтоп калат. Мындан улам адам инсульт болот. "Кан тамыр түтүк сыяктуу, холестерин көп болгон учурда ал түтүктү жаап салып, жыйынтыгында кычкылтек, азыктандыруучу заттар жүрөккө жетпей калат. Мунун кесепетинен аталган орган приступ болот", — деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, канда холестерин көбөйүп кеткенде көкүрөк тушу, буту-колдун учтары ооруй баштайт. Мындан сырткары, адамдын аң-сезими ар нерсени чаташтыра баштайт. Мунун себеби мээге кан жетпей калгандыгында. Муундардын оорушу, дем алуунун кыйындашы, чарчоо да канда холестерин ашыкча экенинен кабар берет.

Буга чейин адис, дарыгерлер канда холестеринди кумшекер, майлуу, куурулган, камыр тамактар көбөйтө турганын айтышкан.

35
Белгилер:
жүрөк, оору, инсульт, холестерин, медик
Тема боюнча
Кыска убакытта арыктоо эмнеси менен кооптуу. Диетолог Дүйшөнкулованын маеги

Тамак талашып... Бактын башынан кулаган арстан менен кабыландын видеосу

0
Бактын башында олжо талашып урушкан кабылан менен арстанды көтөрө албай, бутак сынып кеткен. Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер паркында болгон.

Видеонун авторунун айтымында, ургаачы арстан бактын башында жүргөн кабыландын олжосуна кызыгып, эринбей чыгып барган. Тапкан тамагын кызганган берки жырткыч айбат кылып, экөө ошол жерден чапчылашып, уруша кеткен.

Эки ири жырткычтын салмагын көтөрө албаган бутак жоон болгону менен сынып кетип, эки жаныбар жерге күү менен түшкөн. Бак-шак, сынган бутактын арасынан эптеп суурулуп чыккан кабылан артын карабай качкан. Видеодон анын катуу чочуп калганын байкоого болот.

Ал эми арстан эки жагын каранып, ошол жерде турганы менен видео аяктаган.

Маалыматта бир чети таңгалдырып, бир чети күлкүнү келтирген бул окуянын Лондолоза деп аталган аймакта болгону жазылган.

Теги: Түштүк Африка ургаачы арстан кабылан бак олжо

Инжект: https://sputnik.kg/video/20200602/1048523934/olzhosunan-kol-zhuugan-kabylandyn-videosu.html

0