Бишкекте дагы үч мектеп аралыктан окууга өттү

© Sputnik / Виталий АньковВ Приморье возобновили обучение детей в малокомплектных школах
В Приморье возобновили обучение детей в малокомплектных школах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Ордо калаада онго чукул мектеп карантинге жабылды. Ал эми бала бакчалардан экөө аралыктан иштеп жатат.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Борбор калаада дагы үч мектеп аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Эске сала кетсек, 14-апрелден тарта шаардагы билим берүү жайлары онлайн жана офлайн тартипте иштеп баштаган.
Калаа бийлиги коронавируска байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун ойлоп №24, №17 жана №67 мектептеринин кызматкерлерин аралыктан иштетүүнү чечкен.
"№24 мектепте 4 жана 9-класстын эки окуучусунан COVID-19 тастыкталды, алар үй-бүлөсүнөн жуктуруп алышкан. №17 мектепте 3 жана 4-класстын эки окуучусуна оору туугандарынан жуккан. №67 мектепте бир мугалим ооруп калды", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин № 28, 52, 32, 10, 35, 13, 26, 63 мектептери карантинге жабылган.
Ошондой эле №12 жана №93 бала бакчалары дистанттык түрдө иштеп жатат.
Мындан сырткары. 19 мектепте коронавирус катталып, ал жактагы 26 класс үйдөн окууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0