Беш неберем бар, алтынчысын күтүүдөбүз. Ырчы Алина Жетигенова менен маек

© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойЗаслуженная артистка КР Алина Жетигенова
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Кыргыз эстрадасында өзүнүн назиктиги, өзгөчө имиджи жана ЖМКга көп чыкпаганы менен айырмаланган ырчы Алина Жетигенованын ысымы жумурай-журтка маалым.
Сахнада ырдап жүргөнүнө кырк жылга аяк баскан ырчы айым бүгүн да кырктын кырындагыдай кулпуруп турат.
КРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин окуп отуруп, бул инсандын ар ишке өтө жоопкерчилик менен мамиле жасай турганына күбө болосуздар.
— Биз сизди сырдуу, экинчи жагынан бир калыпта жүргөн сахна адамы катары тааныйбыз. Анан дагы массалык маалымат каражаттарына өтө эле аз чыгасыз. Бул сиздин имиджиңизби же жөн гана ушундай учур болуп калып жатабы?
— Менин сахнада жүргөнүмө быйыл 40 жылдын жүзү болот. Байкаган адам болгон мүнөзүм ушундай экенин айтар. Башында такыр интервью берүүнү билчү эмесмин. Оюмду чогулта албай, тартынып, маек берүүдөн качып турчумун. Буга кээ бирлер китепти көп окуу керек деген кеңештерин беришти. Бирок мен башынан эле китеп сүйгөн адаммын. Азыр да тынбай окуйм. Ошентсе да негедир оюмду билдирүүдө, жан дүйнөмдөгү нерсени түшүндүрүүгө сөз байлыгым аз. Сөзгө чоркокмун. Азыркы маалда өзүңө жарнама болбосо, артта калып кете бересиң. Кудайга миң мертебе ыраазымын, журналисттердин, коомчулуктун арасында мени унутпай, сыйлап, чакырып турган адамдар бар. Негизи башынан эле элдик ырларга жакынмын, анткени джаз, блюз ыргактары ушул ырларда камтылгандай сезилет. Учурда ушул жагын колго алып иштеп чыгууну пландап жатам. 
© Sputnik / Асель СыдыковаСахнада ырдап жүргөнүнө кырк жылга аяк баскан ырчы айым бүгүн да кырктын кырындагыдай кулпуруп турат. КРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сахнада ырдап жүргөнүнө кырк жылга аяк баскан ырчы айым бүгүн да кырктын кырындагыдай кулпуруп турат. КРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова
— Ушул 40 жыл аралыгында кыргыз эстрадасында кандай өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуз? Кайсы жагы көңүлгө толбойт же мактаныч дегендей?
Мыкты гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Кыргызстанда алган айлыгымды айтуудан уялдым. Гобоист Кубанычбек Жусуповдун маеги
— Мен алгач ирет сахнага 1982-жылы чыккам. Ушул аралыктан бери башка эч бир тармакта иштебей, бир гана чыгармачылык менен алектенип келем. Негизинен сахнада эки доорду басыптырмын. Биринчиси — Советтер Союзу учурунда жандуу үн менен, музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдап, чоң сыноодон өтүп сабак алдык. "Ариет" тобу менен биргеликте Борбордук Азияны, союздун 15 өлкөсүн кыдырып байгелүү, жемиштүү кайтканбыз. 1989-жылы Юрмалага, 1986-жылы Ташкентке, 1987-1989 -жылдары Москвада өткөн коңкурстарга катышып, алдыңкы орундарды багындырган элек.
Ал эми эгемендик алгандан кийин эстрада жааты фонограммага өттү. Фонограмма — бул тазаланган, жасалган, таптаза үн. Буга азыр элдин кулагын көндүрүп койдук. Анан жандуу ырдаганда аппаратурага жараша кээде туура эмес созуп алуу же кайсы бир сөздү адашып ката айтып алуу мүмкүн. Баары бир фонограммадай идеалдуу ырдай албайсың да. Жаңылып калсаң "ырдай албай калды" деген негатив сөздөр айтылат. Фонограмманы клипте же телевидениеге гана колдонсо болор эле. Бирок жандуу ырдоо үчүн ырчылардын баары эле атайын аппаратура, музыкалык аспаптарды сатып ала албайт.
— Жасалмалуулукка көнө түштүк. Мындан чыгууга болобу?
— Мамлекетибиз байыса, мурдагыдай мыкты аппаратураларды алып келсе, акырындап мындан да кутулсак керек. Мурда керектүү сонун аппаратуралар бар болгондуктан жандуу ырдоого да шарт бар болчу. Жандуу ырдоо да өзү керемет. Фонограмманы жоюу керек деген да сөздөр айтылбадыбы, бирок мурда мамлекеттик ырчыларга цензура бар болчу. Азыр эми мамлекеттик ырчылар аз. Экинчиден, алгач шарт түзүп, анан талап коюу керек да. Акырындап мамлекет өнүгүп, аппаратура жаңырып, каржылоо жакшырса, ырчылар да иргелет эле. Азыр техниканын күчү менен үндү тазалап коюп жатышат, негизи чыныгы ырчы болуу өтө кыйын. 
— Репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
— Жазылган, жазылбаган болуп отуруп 300дөй ырым бар. 1991-жылдан 2005-жылга чейин чыккан ырлар элге абдан тараптыр. Мурда атайын комиссия ырлардын сөзүнө, обонуна, ырчылардын сахнага чыкчу кийимине чейин көңүл бурчу. Азыр андай эмес. Элдин табити да өзгөрүп калды. Кээ бир ырларды 1000 долларга жаздырып келсең, эл кабыл албай коёт. Тескерисинче, 200 долларга эле жазылган ырлар жакшы тарап кетет эмеспи. Эми бул жерде кеп акчада эмес, бирок сапат акчаны талап кылат да. Баары бир эле эл деген элек. Ушул 40 жылдан бери эл баалаганы үчүн келе жатам деп ойлойм. 
© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойАлина Жетигенова: мен алгач ирет сахнага 1982-жылы чыккам. Ушул аралыктан бери башка эч бир тармакта иштебей, бир гана чыгармачылык менен алектенип келем
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова во время фотосета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алина Жетигенова: мен алгач ирет сахнага 1982-жылы чыккам. Ушул аралыктан бери башка эч бир тармакта иштебей, бир гана чыгармачылык менен алектенип келем
— Чыгармачыл адам болуу өтө кыйын. Жасаган эмгектен тышкары таанымал адам өзүн дайыма көзөмөлдөп, адаттан тыш окуялардан оолак болуусу кажет. Себеби эл көзүндө. Сизде артка карап бир өкүнгөн учурлар болобу?
— Көбүнчө кайра жаралсаңыз ким болмок элеңиз деп суроо узатып калышат. Анда деле ырчы болмокмун. Жолдошум да чыгармачылыгымды колдогондуктан бул жагынан мага жакшы болду. Демөөрчүм да ошол киши. Анан кайын-журтумдан да бут тосуулар болгон жок. Эми жашоомдо кетирген катачылыктар болгондур, бирок арман кылган учурум болгон эмес. 
— Үй-бүлөңүз да коомчулукка көп ачыкка чыкпайт. Уулуңуз Азизди билебиз, жакындарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2021
Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек
— Азиз мага караганда чыгармачылыкта, ыр тандоодо майын чыгара иштейт. Өзү Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте саксофон классын бүткөн. Кызым да фортепиано классын аяктаган. Азиз жалаң классикалык музыкаларды угат, жөн эле барып бир жерде ырдай бергенди жактырбайт. Үйдө, бөлмөсүндө музыкалык аппаратурасы бар. Көбүнчө ошол жакта болуп, дайыма машыгат. Ушул убакка чейин Жамилия Муратовага барып, үнүн койдуруп келет. Ушул жагынан өзүнө өтө эле сын көз менен карайт. Мындан улам мага уулумдун ушул сапаты аны артка тартып жаткандай сезилет. Өзүнө да бушайман болуп айтам. Убакыт болсо минтип зымырап уча берет экен. Өзү да намаз окугандыктан текстти дагы кылдат карап, көз карашына туура келбеген жерлери болсо ырдабай коёт.
Ал эми кызым азыр үчүнчү баласын төрөп үйдө. Убагында Казакстандан мыкты хореографтардын бий мектебин бүтүп келген, музыкалык билими да бар. Азыр да бийден сабак берет. Өзүнө талапты катуу койгон сапаты бар. Балдарыма "убактыңар өтүп жатат" деп көп айтам, экөөнөн үмүтүм чоң.
Эң кичүү уулум Алтынбек музыкадан алыс адам. Ал чоң аталарынын колунда өстү. Кайната, кайненемдер кесиби боюнча дарыгер жана мугалим болгондуктан уулум да университетти бүтүп, мамлекеттик кызматта иштейт. Менин эмес, атасынын жолун жолдоду. Ишин абдан жакшы көрөт. Үйлөнткөнбүз, эми кудай буюрса небере күтүп жатабыз. 
© Sputnik / Асель СыдыковаАлина Жетигенова: жазылган, жазылбаган болуп отуруп 300дөй ырым бар. 1991-жылдан 2005-жылга чейин чыккан ырлар элге абдан тараптыр. Мурда атайын комиссия ырлардын сөзүнө, обонуна, ырчылардын сахнага чыкчу кийимине чейин көңүл бурчу. Азыр андай эмес
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алина Жетигенова: жазылган, жазылбаган болуп отуруп 300дөй ырым бар. 1991-жылдан 2005-жылга чейин чыккан ырлар элге абдан тараптыр. Мурда атайын комиссия ырлардын сөзүнө, обонуна, ырчылардын сахнага чыкчу кийимине чейин көңүл бурчу. Азыр андай эмес
— Жалпы канча небереңиз бар?
— Беш неберем бар. Алтынчысын күтүп жатабыз.
— Өмүрлөрү узун болсун! Ырчылардын арасында кыргыз кинолоруна тартылуу модага айланды. Сиз тартылууга чакырса барат белеңиз?
— Режиссёр Геннадий Базаров мени киного тартылууга эки жолу чакырганда рахматымды билдирип, актрисалык шыгым жок экенин айткам. Бирок болбой эле "Метаморфоза шоу самоубийц" фильмине катышып калдым. Ал жерде деле ырчынын ролун ойногондуктан мага жеңил болду. Кийин Ырыс Жоомартова "Шаардык келин Шарапат" фильминде шаардык кыздын апасынын ролун аткарууга чакырып, тартылдым. Кечирим сурайм, бирок кино тармагы меники эмес экенин түшүндүм. Кийин барбай эле койбой деп да өкүнгөн учурлар болду. Анткени кино да чоң жоопкерчиликти талап кылат да. Андан соң да чакыруулар болду, бирок мен жөн эле коёюнчу дедим. Өзүмдүн ойногонум өзүмө жаккан жок. Советтер Союзу убагында "Экран" деген журнал бар болчу. Ошондо не деген залкарлардын тасмадагы эмгектери чагылдырылган. Өзүмдү салыштырып, уялдым. Ал кишилер кандай гана чеберлер эле, ушул убакка чейин суктанып көрөм. Мен өзүмдү кинодон көрүп суктанган жокмун. 
© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойАлина Жетигенова: режиссёр Геннадий Базаров мени киного тартылууга эки жолу чакырганда рахматымды билдирип, актрисалык шыгым жок экенин айткам. Бирок болбой эле "Метамарфоза шоу самоубийц" фильмине катышып калдым
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова во время фотосета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алина Жетигенова: режиссёр Геннадий Базаров мени киного тартылууга эки жолу чакырганда рахматымды билдирип, актрисалык шыгым жок экенин айткам. Бирок болбой эле "Метамарфоза шоу самоубийц" фильмине катышып калдым
— Чыгармачылык адамдардын арасында акыркы убакта саясатка аралашуу күч алды. Мурда журналисттер саясатка аралашса таң калчубуз. Азыр шоу-бизнес өкүлдөрү Жогорку Кеңешке чейин баш багышууда. Буга кандай көз караштасыз?
Ырчы Гулнара Кахарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2020
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги
— Саясатка аралашпасаң, ал сага аралашат деген сөз бар. Мурда саясатка аттанган чыгармачыл адамдарга такыр түшүнө алчу эмесмин. Көрсө мында да кызыкчылыктар бар өңдүү. Бирок менде саясатка баруу тууралуу ой жок. Анткени бул чоң жоопкерчилик. Буга чейин президентке, депутаттарга "мойнунда кандай жоопкерчиликтүү милдет турат" деп аячумун. Азыр, тескерисинче, ачуум келет. Бийлик эл алдында сыйын жоготуп алган өңдүү. Отуз жыл мурда кыйналып жашаган эл дагы эле ошол, өз түйшүгү менен өзү. Саясатка баргым келбейт, өзүмдүн чыгармачылыгым, сүйүктүү кесибим менен эле жүрө берейин.
— Обонун да, сөзүн да өзүңүз жазган сүйүктүү ырыңыз барбы?
— Жок, обон жазуу — бул да чоң жоопкерчилик. Өзүмдү кыйнап жаза албайм. Ар ким колунан келген ишин кылышы керек. Мага караганда уулум Азиз жакшы обондорду жазат. Мен эмнеге шыктуумун? Мен балдарыма, үй-бүлөмө кам көрүп, түрдүү тамактарды жасап алардын курсагын тойгузуп, камкор болууга жарайм. Анан да түймөнү мыкты түйөм. Ар кандай кийимдердин түрүн токуй алам. Ошондой эле дизайнердик шыгым бар. Креативдүү, башкача стилдеги сүрөттөрдү жакшы көрөм. Ушул нерселерден жаңыча ачылыштарды жасап, изденип, алардан жаңы нерселерди көрө алам. 
© Sputnik / Асель СыдыковаАлина Жетигенова: обон жазуу — бул да чоң жоопкерчилик. Өзүмдү кыйнап жаза албайм. Ар ким колунан келген ишин кылышы керек
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алина Жетигенова: обон жазуу — бул да чоң жоопкерчилик. Өзүмдү кыйнап жаза албайм. Ар ким колунан келген ишин кылышы керек
— Демек, сахнага чыккан имиджиңизди өзүңүз эле жасап коёт экенсиз да...
— Ооба, көбүнчөсүн өзүм эле даярдайм. Бирок профессионалдарга да кайрылып турам.
— Стилисттин таңуулаган имиджи сизге жакпасачы?
— Менин көңүлүм жумшак. Көпчүлүк учурда стилисттин сунуштаган көйнөгү жакпай калса деле көңүлүн калтырбай кием. Анан жакындарымдан тил угам (күлүп). Сиңдилерим да профессионал стилист болгондуктан көбүнчө аларга кайрылам. Алар мени оңдоп-түзөп турушат.
— Канча бир туугансыз?
— Биз төрт кызбыз. Мен эң улуусумун. Сиңдим Назира мага караганда сөзгө чечен. Кичинесинен эле куудулдук жагы бар. "Чоңойгондо клоун болом" дей берчү. Назираны (Жетигенова — ред.) россиялык куудул айым Елена Воробейге окшоштура берем. Анан ага "сен ушуларды көрүп, классикага басым жаса" деп айтам. Мен, тескерисинче, айылда кемпир-чалдын колунда чоңойгом. Ал шаарда өстү. Бирок Назира айылдык кыздардын образын чагылдырганды жакшы көрөт. Мен кичинемден эле пластинкаларды коюп, орустун классик ырчыларын угууну каалачу элем. Кийинчерээк европалык ырчыларды, француз ырчыларын да көп угуп калдым. Эдит Пиафты ушуга чейин жакшы көрөм. Азыр да анын тагдырына таң калам. Андан кийин Мирей Мотьенин ырларына ашык болдум. Мотьенин бир ырын сөзсүз ырдап чыгам деп атайын даярданып, француз тилинен сабак алып жүрүп ырдап чыккам. Көрсө француз тили биздин тилге окшош, аларда да ү, ө, ң тыбыштары бар экен. Көп кыйналган жокмун. Бул ырга он беш жылдан ашып калды. Анан, албетте, россиялык Лариса Долина, Алла Пугачёва, Софья Ротаруну жакшы көрүп угам. Алла Пугачёванын ар бир ырында өзүнүн тагдырын ачып берген сапаты жагат. Бир ырын укканча кино көргөндөй болосуң. Анан Мыскал Өмүрканованын үнүнө суктанам. Негизи дүйнөлүк нукура таланттарды баалайм. 
© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойАлина Жетигенова: көпчүлүк биле бербегени менен мен комуз күүлөрүн ушунчалык жакшы көрүп угам жана чоң-чоң күүлөрдү чертем
Заслуженная артистка КР Алина Жетигенова во время фотосета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алина Жетигенова: көпчүлүк биле бербегени менен мен комуз күүлөрүн ушунчалык жакшы көрүп угам жана чоң-чоң күүлөрдү чертем
— Эң алгач ирет чоң сахнага чыккан күн эсиңиздеби?
Залкар режиссер Болот Шамшиев жана актриса, Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2020
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым
— Эсимде, 1982-жылы "Жетиген" ансамбли менен филармонияга барганбыз. Анда бизде күнүнө репетиция болчу да. Абдан такшалып калганда гана сахнага чыгарчу. Жалил Сыдыковдун "Бозойго" деген ырын ырдап абдан толкундангам. Анан 1989-жылы Юрмалага барганда аябай толкунданганым эсимде. Микрофонду таштап эле качып кетким келди. Бирок артыңдагы "Кыргызстан" деген чоң намысты ташташ өтө оор экен. Коркконуман тизелерим калчылдап, ошонун баары үнүмө берилбесе экен деп кооптонгом. Болгондо да абдан оор джаз ырды тандап алыпмын. Бирок ошону татыктуу ырдап, ортосундагы импровизациясын аткарып чыктым. Экинчисинде Жылдыз Малдыбаеванын "Сезим ойлору" деген ырын ырдадым. Мени жалгыз бир эле адам коштоп барган. Негизи мындай коңкурска көп жандооч менен барган дем-күч болот. Сосо Павлиашвили менден кийин чыкмак, аны 20дай адам жандап жүрдү. Жанында жандоочтор көп болсо адам ишенимдүү да болот экен. Павлиашвилини "чёрный ворон" десем, ал мени "кролик" деп койчу (күлүп). Анткени сахнага чыгардын алдында коркуп турчумун. Бирок ошол Юрмалага барганыма абдан сыймыктанам. Анткени Прибалтика, Өзбекстан, Казакстан, Россиядан келген бир топ ырчы досторду тапканбыз. Көпкө чейин байланышта болдук. Павлиашвили менен бир топ мезгилге чейин телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз. Кийин эле номерлерибиз алмашып, адашып калдык.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар, шакирт таптап жатасызбы?
— Биздики үй-бүлөлүк топко айланып кетти. Өзүмдүн тобума 30 жыл болуп калыптыр. Керек болгон учурда чогула коёбуз. Нурлан Намазалиев хореограф, Назира Жетигенова куудул, Мирлан Жетигенов алып баруучу жана окуучум Фарида Карбозова болуп байланыш бекем. Булар менен тартынбай туруп "чыгармачылык тобубуз бар" деп айта алам. Бирок атайын бирөөнү шакирттикке алып, ага продюсерлик кылуудан корком. Анткени ал абдан таланттуу адам болуп калса, жакшы чыгара албай каламбы же таланты жок болсо деле убара боломбу деген түйшүктөрү болот. Бул да болсо чоң милдет. 
— Биздеги музыкалык билим берүү деңгээлин кандай баалайсыз. Ошол эле медицина же аскер жаатында билим берүүнүн сапаты түшүп кеткендигин айтышат?
— Бизде жакшы мугалимдер бар. Бирок жалпы музыкалык билим берүү жаатында да ошол сапаттын төмөндөө тенденциясы байкалат. Ошол эле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти алалы. Мурда еврейлер, немецтер күчтүү билим берчү, алардан билим алып калган мыкты кыргыз мугалимдер деле бар. Бирок билимдин сапаты жалпысынан төмөндөп бара жаткандыгы сезилет.
Төкмө акын, кытайлык кыргыз Акмат Султан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2020
Эл өлкө эмес өз камын ойлойт экен. Кытайлык кыргыз акын Акмат Султандын маеги
Кубандырганы, эл арасынан чыгып жаткан нукура таланттар көп. Мисалы, төкмө акындар менен сыймыктанам. Айтыштарын калтырбай көрөм. Казактар менен айтышып жеңгенде абдан ыраазы болуп, сыймыктанып калам. Кичинемде атамдын алдына отуруп алып Саякбай Каралаевдин манас айтканын теле аркылуу оозумду ачып көрчүмүн. Манасчыларды да баалайм. Көпчүлүк биле бербегени менен мен комуз күүлөрүн ушунчалык жакшы көрүп угам жана чоң-чоң күүлөрдү чертем. Сахнага мурдараак комуз менен чыксам болот эле, бирок азыр укмуштай мыкты ойногон жаштар бар. Көрүп көз сүйүнөт. Элдик аспаптарда ойногон адамдарга таазим кылам.
Жаңылыктар түрмөгү
0